Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Коронавирус спортчулардын үмүтүнө суу септи


Балбан Атабек Азисбековдун Токио олимпиадасына жолдомо уткан учуру. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Балбан Атабек Азисбековдун Токио олимпиадасына жолдомо уткан учуру. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бюджетти үнөмдөш үчүн кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик мекемелердин каражатын кыскартууда. Айрыкча социалдык мекемелердин чыгымы көбүрөөк кыскарып жатат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджетин дээрлик 70 пайызга азайтуу каралууда. Спорт адистери мындай кыскартуу Олимпиадага даярданып жаткан спортчулардын машыгууларын үзгүлтүккө учуратып, спорт тармагына кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин ырасташат.

Финансы министринин орун басары Улукбек Карымшаков Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып буларга токтолду:

«Быйылкы жылга пландалган тандап алуучу көп турнирлер бар эле. Ошол боюнча көп чыгашалар бар болчу. Биз ошолорду кыскарттык. Бул олимпиадага даярданууга өз кедергисин тийгизбейт. Себеби Олимпиада оюндары кийинки жылга калды. Эгер кошумча артыкчылыктуу чыгымдар болсо бизде спорт агенттигинин бюджетинин алкагында чечип бергенге мүмкүнчүлүк бар».

Акыркы эки жылда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине бир жылдык бюджеттен 1 миллиард 5 миллион сом бекитилип келген. Спорт агенттигинин бюджетинин көбөйтүлүшүнө билим берүү тармагына кирген бир канча спорттук мектептердин агенттиктин карамагына өтүшү жана жаштар иштерин жүргүзүү да агенттиктин мойнуна жүктөлгөнү себеп болгон.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов каражаттын 70 пайызга кыскартылышы улуттук командалардын машыгууларын гана токтотуп койбостон, жаштар иштерин жүргүзүүгө да терс таасирин тийгизет дейт:

Канат Аманкулов.
Канат Аманкулов.

«Биздин бюджеттин 50 пайызы айлык менен социалдык төлөмдөр болуп, калгандары спорттук мелдештер. Эң негизгилери спортчулардын машыгуулары, алардын эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн каралган каражаттар, тамак-ашы жана дары-дармектери - ушулардын баары бириккенде 45 пайызды түзөт. Азыр анын 25 пайызы гана калды. Бул спортчулардын мелдештерге даярдануусуна жумшалчу каражаттын 75 пайызы кыскарат дегенди түшүндүрөт. 400 милион сомдон ашык каражат буга бөлүнсө, азыр анын 311 миллион сому кыскарды. Бул республика боюнча өтө турган төрт миңден ашык спорттук иш-чаралардын токтотулушуна алып келет. Өлкөдөгү кырдаалды эске алганда биз бюджеттин кыскартылышына макулбуз. Бирок 70 пайыз эмес, 50 пайызы кесилсе ошого жараша пландап, иш-чараларыбызды өткөрө берет элек. Эгер Финансы министрлигинин сунушу менен бюджет бекилип калса, олимпиадага лицензия утмак турсун, ага даярданууга да каражатыбыз жок болуп калат».

Канат Аманкуловдун билдиришинче Кыргызстанда алдыңкы деп эсептелген, улуттук курама команданын катарына кирген миңге жакын спортчу бар. Коронавирус пандемиясынан улам спортчулар үйлөрүндө машыгууларын улантып жатат.

Коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам март айынын башынан бери Кыргызстандын ичинде өтө турган 20дан ашык эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги спорттук иш-чаралар токтотулду. Алардын катарында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунун оюндары, спорттук күрөш боюнча Токио олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу эл аралык мелдеш, 21-март Нооруз майрамынын урматына уюштуруулучу көк бөрү жана ат оюндары, май айында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык марафон да бар.

Финансы министрлигинин мамлекеттик органдардын бюджетиндеги чыгымды кыскартуу боюнча сунушун, анын ичинен спорт жана маданият тармагынын акчасы азайганын сындаган депутаттар көп. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып, желегин көтөргөндөр - спортчуларыбыз. Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздарыбыз, спортчулар Кыргызстандын желегин сыртта көтөрүп жатат. Биз, чиновниктер тескерисинче Кыргызстанды шылдың кылып жатабыз. Коронавирус менен күрөштө ушул департаменттин жаштар иштери боюнча бөлүмү абдан жакшы иштеди. Миңдеген ыктыярчыларды тартты. Азык-түлүккө муктаж болгон аярлуу катмарга азык-түлүктөрдү жеткирип жатышты. Жаштардын акчасын дээрлик 100 пайызга кыскарат деген маалыматтар айтылып жатат. Ошондой шартта спорттон мынчалык көп кесип салуу туура эмес».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан улам министрликтердин чыгымынан жалпысынан 6 млрд. сомдой акча кемитилгенин айткан финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өкмөт бюджеттин тартыштыгын четтен алган каражаттар менен жабууну пландап жатканын билдирди:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Буга чейин бекитилген дефицит 7,9 миллиард сом деп болжолдонгон, азыр болсо 28,4 миллиард сом болуп жатат. Ошол тартыштыкты көбүнчө тышкы булактардан жабууга мажбур болуп жатабыз. Анткени өкмөт социалдык милдеттенмелерин аткарышы керек. Ошондуктан айла жоктон ушундай кадамдарга барганы жатабыз. Карыз, грант алып төлөгөнү жатабыз».

Москва олимпиадасынын чемпиону, спорт ардагери Каныбек Осмоналиев спортчуларга бөлүнгөн каражаттын кыскартылышы спорт агенттигинин, анын ичинен спортчулардын 4-5 жылдап жасаган эмгегин текке кетириши мүмкүн дейт.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

«​Биздин спортчулар формага жаңы кирип жаткан. Жолдомо алган спортчуларга кыйын эле болду. Эми алар машыгуусун үзгүлтүксүз улантышы керек. Ал эми олимпиаданын кийинки жылга жылдырылышы менен таланттуу балдарыбыздын олимпиадага жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Азыр каржылоону токтотуп салса олимпиадалык оюндарга, лицензия ойнотулуучу мелдештерге жакшы даярдана албай калабыз. Анткени сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларында спортчуларга өзгөчө каржылоо керек болот. Ушул убактта алар окуу-машыгууларын өткөрүп, дары-дармеги, тамак-ашы төп келип турушу керек. Олимпиадага даярдык бул бир айлык же жарым жылдык машыгуу эмес. Формасын кармап жүрүү үчүн бир спортчу айлап, жылдап, керек болсо бир жолдомо алуу үчүн төрт-беш жылдап үзгүлтүксүз машыгат. Албетте, мындай кыйын кырдаалда бюджетти кыскартыш керек. Бирок 50 пайыз кыскартса деле эмки жылга чейин жакшы эле жетмек», – деди олимпиада чемпиону.

Осмоналиев мындай кыйын кырдаалда спорт агенттиги алдыңкы спортчулардын үзгүлтүксүз машыгуусуна шарт түзүшү керек деп эсептейт.

Былтыр кыргызстандык беш спортчу Жапонияда өтчү Олимп оюндарына жолдомо алган. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова. Коронавирус пандемиясынан улам кыргыз спортчулары азыр үй шартында машыгууга аргасыз болууда.

Карантинде Олимпиадага даярданган спортчулар
Карантинде Олимпиадага даярданган спортчулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:49 0:00

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков Токио олимпиадасына биринчилерден болуп жолдомо алган спортчу. Ал Жапонияда өтчү олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргойт. Балбан олимпиадалык жолдомону утуу үчүн 10 жылдан ашык үзгүлтүксүз машыгып жатканын, олимпиаданын жылдырылышы ал үчүн күтүүсүз болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

Атабек Азисбеков.
Атабек Азисбеков.

«​Ар бир спортчунун кыялы - олимпиада чемпиону болуу. Менин спортко келгениме 15 жыл болсо, ошонун 10 жылы талыкпаган эмгек кылып, жолдомо алууга бар күчүмдү жумшадым. Карантин болгонуна карабай үй шартында машыгып жаткам. Бир жумадан бери Бишкекке келип машыктыруучулардын көзөмөлүндө машыгып жатам. Жакынкы күндөрү толук кандуу машыгуу башталат деп жатышат. Азырынча баары жетиштүү. Бирок спорт агенттигинин бюджетин кыскартуу боюнча маселе көтөрүлүп жатыптыр. Мындан ары машыгууларыбыз кандай болору бүдөмүк. Олимпиаданын жылдырылышы эле биз үчүн чоң сыноо болду. Бизде спортко ансыз деле башка мамлекеттерге караганда аз каражат бөлүнөт. Эгер ал да кыскарса мага гана эмес, башка спортчуларга да залакасын тийгизет. Ал эми бул спорт агенттиги үчүн өтө чоң сыноо болот», - деди балбан.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 24-майдан баштап санитардык талаптарды аткаруунун негизинде улуттук курама командалардын окуу-машыгууларын баштоону пландап жатканын билдирди. Эгер дүйнөдөгү кырдаал жөнгө салынса август айынан тартып Олимпиадага лицензия ойнотулуучу мелдештер өтө баштайт. Буга чейин спорт агенттиги Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага жалпысынан 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG