Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Москванын бийлиги шаардыктардан коронавирус антителосуна тест алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-майдан баштап Москвада коронавирус антителосуна тургундардан жапырт тест алына баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин маалымдады.

Бир күндө миңдеген адамдардан тест алуу пландалып жатат. Бул бийликке шаарда жамааттык иммунитет пайда болгонун аныктоого жардам берет. Тест шаардагы бейтапканаларга жарандарды чакыруу менен өткөрүлөт. Мэрдин сайтында тест берүүчү жарандар кокустан тандап алуу ыкмасы менен аныкталары кабарланды. Аныкталган тургундардын электрондук почтасына же СМС аркылуу маалымдама жиберилет. Кан тапшырыш үчүн онлайн да жазылса болот.

Антитело табылган шаардыктар ооруканага обочолонууга жиберилип, кошумча ПЦР-тест алынат. Бул тест шаардагы карантиндик чараларды азайтууга негиз болмокчу. Изилдөө мэриянын сайтында улам жаңыланып турат.

Буга чейин «Важные истории» басылмасы Москва аныктоосу анча так эмес болушу мүмкүн деген жүз миңдеген антитело текшерүүчү тест сатып алганын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG