Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Чек арада ок тийген жоокерге операция жасалды, абалы туруктуу


12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.
12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалында жакшы динамика байкала баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев билдирди. Бирок, анын айтымында, жалпысынан жоокердин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. 12-майда чек арачыга ичегисинен операция жасалды:

"Абалы туруктуу оор. Кечээкиге караганда кадимкидей жакшы. Дары-дармек менен толук камсыз болгон".

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык, ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбектин абалы оор экени, ал реанимацияда жатканы кабарланган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген. (AiN)

XS
SM
MD
LG