Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Акыркы беш жылда пенсиянын өлчөмү 70% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы беш жылда Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 70% көбөйдү. Бул маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 13-майдагы жалпы отурумунда билдирди. Өкмөт башчынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,1 млн. адам социалдык камсыздоодо турат. Алардын ичинен 402 миң адам - жөлөкпул алуучулар, 676 миңи - пенсионерлер.

«Пенсиянын орточо өлчөмү бүгүнкү күнү 5763 сом. Былтыр биз 163 сом кошо алдык. 676 миң пенсионерге кошо келгенде бул эбегейсиз чоң сумма. Жалпысынан пенсиянын өлчөмү акыркы беш жылда 70% көтөрүлдү».

Абылгазиев өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык акы, пенсия жана жөлөк пул өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөнүп келгенин белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдө жакырчылык 3,2% азайды. Жалпысынан жакырчылыкты жоюуга 13 млрд. сом сарпталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG