Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

«Адилет» укуктук клиникасы Бишкектеги карантиндик талаптар жемкорлукка шарт түзгөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери өкмөткө жана Бишкек шаарынын жетекчилигине кайрылып, өзгөчө абал бүткөндөн кийин жумушка чыккандарга карата коюлуп жаткан талаптар көп суроо жарата баштаганын эскертишти.

Уюмдун сайтына жарыяланган кайрылууда өзгөчө кырдаал режими узартылганы туура чечим болгону, бирок өкмөт менен мэриянын талаптарынын бири-бирине жана мыйзамдарга карама-каршылыгы, ал талаптар тууралуу расмий документтер жарыяланбаганы элдин «кыжырына тийип жатканы» айтылат.

Кайрылууда: «Эл да, мамлекеттик органдар да кайсы талаптарды аткаруу керек экенин билбей жатышат. Мындай учурда патрулдук милициянын маалымкат, мөөр же беткап талап кылганы мыйзамсыз болуп калышы ыктымал. Андыктан мыйзамды ар ким каалагандай чечмелөөсүнө, коррупциялык көрүнүштөргө жакшы шарт түзүлүүдө», деп айтылат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 11-майдан тартып Бишкек шаарында уруксат берилген мекеме-жайларда иштегендердин колунда жумушунан маалымдама болушу зарыл, ал маалымдамада райондук салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү болууга тийиш экенин билдирген. Жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек.

Бул талаптар 12-майда парламентте да сынга кабылды. Депутаттар салык кызматтарында кезек күткөндөр көбөйгөнүн, дээрлик эки ай карантинде отургандардын патент сатып алууга акчасы жетишсиз экенин кеп кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG