Ушул тапта 58 мамлекеттен 8712 кыргызстандык мекенине кайтыш үчүн өкмөттөн жардам сураган. Бул тууралуу 11-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров маалымат берди. Анын айтымында, коронавирус пандемиясы башталгандан бери сыртта калган сегиз миңден ашык кыргызстандык мекенине жеткирилген.
Комитет жыйынында парламент депутаты Тазабек Икрамов Пакистандан 178 кыргыз жараны кайтып келүүгө жардам сурап жатканын маалымдады. Министрдин орун басары Азизбек Мадмаров чет өлкөдө калган жарандарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Ушул күндөрү айрыкча Орусияда жүздөгөн кыргыз мигранттары жумушсуз калганын, мекенине кайтууга аргасыз болуп жатканын кабарлашууда. Алар бийликтен жол каттамын уюштурууну суранып жатышат.