Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

Ош шаарында карантиндик режим сакталат


Ош шаары
Ош шаары

10-майда Ош шаарындагы бир нече мекемелердин жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана коронавирустун жайылуусун алдын-алуу үчүн түзүлгөн штабдын жыйыны болду. Мэр Таалайбек Сарыбашов 11-майдан тарта калаадагы мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер кандай иш алып барарын түшүндүрдү.

«Өз ишин жандандырган бардык ишканаларда жана уюмдарда - социалдык аралык, жеке гигиена, беткап режими жана жалпы карантин эрежелеринин талаптагыдай сакталышына көзөмөл жүргүзүү керек. Өз убагында чара көрүү абзел. Айрыкча изоляцияга алынган жана обсервация аймагына өзгөчө көңүл буруу зарыл», - деди Сарыбашов.

11-майдан тартып Ош шаарында өзгөчө абал алынып, карантиндик режим сакталат. Аны менен катар шаарга кирип-чыгуучу жолдорго коюлган санитардык-карантиндик посттор да ишин улантат.

Ош шаарында 25-марттан 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, кийин 10-майга чейин узартылган. (DU)

XS
SM
MD
LG