Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Рахмон коронавирусту жапа тырмак жеңүүгө чакырды


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Коронавируска каршы күрөштө эч ким кайдыгер болуп, четте калбашы керек. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жеңиш күнүнө карата тараткан куттуктоосунда белгиледи.

Рахмон медицина кызматкерлерине ыраазылык билдирип, кризистен кийинки жагдайга да көңүл бурууга чакырды.

«Коронавирусту көзөмөлгө алгандан кийин дүйнө оор финансылык-экономикалык кризиске, жумушсуздукка, азык түлүк жетишсиздигине жана кымбатчылыкка туш келет. Ошон үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарыбызды ырааттуу жана акыл-эстүүлүк менен колдонуп, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүп, базарды азык-түлүк менен камсыз кылууга күч жумшашыбыз керек», - деп тажик президенти.

Расмий эмес булактар өлкөдө COVID-19 илдетинин алгачкы белгилери март айында билингенин айтып келишет. Ал эми тажик бийлиги 30-апрелде гана коронавирус жуккан алгачкы 15 учур катталганын билдирген. Бир жумадан кийин, 8-майга карата коронавирус жуккандар 461 адамга жетти. Алардын 12си көз жумду.

Тажикстандан Улуу Ата Мекендик согушка 300 миң ашуун адам фронтко чакырылган.

XS
SM
MD
LG