5-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. 5-майда эртең менен жана күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.