Германиянын Ички иштер министрлиги ливандык «Хезболла» согушкер тобунун ишмердигине тыюу салды жана террорчул уюмдардын катарына кошту. Министрликтин басма сөз катчысы Стив Альтер «Твиттердеги» баракчасына «ички иштер министри Хорст Зеехофер 30-апрелде шииттердин «Хезболла» террористтик уюмуна тыюу салды», деп жазды.
Немис полициясы бул топтун мүчөлөрүн кармоо максатында шаршембинин таңында Түндүк Рейн-Вестфалия, Бремен аймактарында жана Берлин шаарында рейд жүргүздү. Анын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Коопсуздук күчтөрүнүн эсебинде Германияда бул топтун миңден ашык колдоочусу бар.
Буга чейин Германия «Хезболла» саясий кыймылын анын Сирияда президент Башар Асаддын армиясы менен кошо согушкан тобунан өзүнчө бөлүп карап келген.
Бул топ Ливанда ушул жылдын башында кызматка келген премьер-министр Хасан Диабдын маанилүү тарапташы болуп саналат.
«Хезболланы» бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Израил террорчул уюм катары тааныган жана бул мамлекеттер Берлинди алардын жолун жолдоого чакырып келишкен.