Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:40

Дарыгерлерге кошумча төлөм катары берилчү акча маселе жаратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде ачылган депозиттик эсепке чогулган акчаны бөлүштүрүүдө маселе жаралды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 28-апрелде каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Анда COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо ишине тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 95 млн. сом бөлүү боюнча чечим кабыл алынды. Аны комиссиянын 15 мүчөсүнүн 11и колдоп, төртөө добуш берүүдөн карманышты.

Комиссиянын мүчөсү, вице-спикер Аида Касымалиева комиссияда 16 киши бар экенин, беш адам добуш берүүдөн карманышканын жазды. Ал дарыгерлерге кошумча каражат төлөп берүү тууралуу чечимге өзү добуш бергенин айтып, «Govori.TV» порталына берген комментарийинде аны мындайча түшүндүрдү:

«Биз март айы үчүн дарыгерлерге кошумча төлөм деп 38,5 млн. сом бөлүп бергенбиз. Бирок ал акча медицина кызматкерлерине дагы эле жете элек. Эгер ушул акча эмдигиче бериле элек болсо 229 млн. сомду кантип беришет? Комиссия акчаны кайсы документ менен берип жатканы так эмес. Акча дарыгерлерге кантип бөлүнүп жатат, дарыгер кантип тандалган - бүдөмүк».

Депутат бул жерде коррупциялык иштер болушу мүмкүн деп кооптонуп жатат. Негизинен комиссия апрель айына карата медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн 229 млн. 418 миң сом бөлдү. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине 30-апрелге карата элден 135 млн. 719 миң сом чогулду. Калган жетпеген акча бюджеттен кошулушу керек.

Атайын эсептеги каражатты дарыгерлерге кошумча төлөм катары берүүдө мыйзамсыз иштер болушу мүмкүн деп кооптонгон комиссия мүчөлөрү акчаны жеке коргонуу каражаттарына жумшоону сунуш кылышкан. Өкмөт болсо медициналык жабдыктар жетиштүү экенин билдирүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG