Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Праганын жетекчилиги Москваны айыптады


Прага 6 районунун акими Ондржей Коларж.
Прага 6 районунун акими Ондржей Коларж.

Праганын үч аткаминери, анын ичинде калаа мэри полициянын кайтаруусуна алынды. Буга Орусиянын чалгын кызматынын өкүлү делген адамдын үчөөнү ууландыруу үчүн Чехияга барганы тууралуу маалыматтар түрткү болду.

Чех баш калаасындагы райондордун биринин акими Ондржей Коларж полициянын кайтаруусунда экенин айтты.

Ал өзүн жана шаар бийлигинин эки өкүлүн, анын ичинде мэрди “жок кылуу” буйругу менен Прагага орусиялык чалгын кызматынын өкүлү делген адам келгени тууралуу маалыматтардан кийин өкмөт ушундай кадамга барганын кошумчалады.

“Мен силерге болгону полициянын кайтаруусунда экенимди айта алам. Мындай чечим кандайдыр бир фактылардын натыйжасында кабыл алынган. Бул жакта менин "көзүмдү тазалоо" буйругун аткара турган орустар бар экен. Мени гана эмес, Гржиб мырзаны жана Новотны мырзаны да жок кылууну көздөшкөн”, - деди Коларж.

«Респект» басылмасы 26-апрелде коопсуздук күчтөрүнө шилтеме жасап, Орусиянын чалгын кызматынын тыңчысы деп шек саналып жаткан адам Прагага эки-үч жума мурда келгенин жазган. Анын колунда рицин деген уулуу зат салынган чемодан болгон.

Окуя тууралуу премьер-министр Андрей Бабиш “Чет мамлекеттин биздин жарандарыбызга кол салууну көздөгөнү чын болсо - бул кабыл алынгыс нерсе”, - деп билдирүү жасады.

Москва болсо муну Орусияны дискредитациялоого багытталган “жалган маалымат кампаниясы» деп атады. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги мындай “акылга сыйбаган чагым" эки мамлекеттин алакасына «олуттуу зыян» тийгизиши мүмкүн экенин 29-апрелде эскертти.

Орусиянын Чехиядагы элчилиги.
Орусиянын Чехиядагы элчилиги.

Министрликтин маалымат катчысы Мария Захарова "Прага мындай ыкмалардын жана манипуляциянын кесепеттери канчалык олуттуу болорун түшүнүп жатат деген ойдобуз”, - деп билдирүү жасады.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Респекттин” макаласы "ушакка окшошот” деп айтты.

Сөз болуп жаткан Прага бийлигиндеги үч адам тең буга чейин Кремлдин кыжырына тийген кадамдарга барган. Мэр Зденек Гржиб Орусиянын Прагадагы элчилигинин алдындагы аянтка Кремлдин сынчысы, маркум Борис Немцовдун ысымын ыйгарууну колдосо, Колларж башкарган райондо 3-апрелде маршал Иван Коневдин эстелиги алынган.

Прагадагы Маршал Коневдин эстелигин алып жатышканда тартылган сүрөт. 3-апрель, 2020-жыл.
Прагадагы Маршал Коневдин эстелигин алып жатышканда тартылган сүрөт. 3-апрель, 2020-жыл.

Конев Экинчи дүйнөлүк согуш маалында мурдагы ошол кездеги Чехословакия мамлекетинен нацисттерди сүрүп чыгарган Кызыл армиянын башында турган. Москва талаштуу эстеликтин алынышын тарыхка акарат келтирүү катары сынга алган.

Чехиянын тышкы иштер министри Томас Петричек үч чех аткаминери жабыр тартса, кесепеттери оор болорун Орусиянын Чехиядагы элчиси Александр Змеевскийге эскерткенин билдирди.

Орустардын бутасына алынды делген Прагадагы дагы бир райондун башчысы Павел Новотны “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Орустар мындай кадамга барышы мүмкүнбү?” деген суроосуна "Албетте” деп жооп узатты.

2018-жылы Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышын Лондон Москвадан көрүп келет. Бир катар далилдерге карабастан Орусия аны дагы четке каккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG