Ат-Башыдагы айылдар дезинфекциялана баштады
Нарында коронавирус жугузгандар 95ке жетти. Анын көбү Ат-Башы районунда. Учурда COVID-19 илдети тез жайылып жаткан аймактардын катарын толуктоодо. Ушундан улам бул аймакта өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды. Облустук бийликтин айтымында, вирус Ат-Башыга эки дааватчыдан жайылып башталган.