Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Казакстан кыргыз мигранттарына транзит жол ачуу маселесин кароого даяр экенин билдирди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казак бийлиги мекенине кайтып келе жатып орус-казак чек арасында калган кыргыз жарандары боюнча жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу 29-апрелде өткөн брифингде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев айтты:

«Албетте, аларда да коронавирустун таралышы боюнча кооптонуу бар. Кыргызстанда деле бир облустан башка облуска, ал тургай бир райондон экинчисине өтүүгө кыйынчылык туулуп жатат. А бул жерде Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтүүгө туура келет. Ошондуктан казак тарап кооптонуу менен карап, бирок биздин суранычтарга жооп берүүгө даярдыгын билдирүүдө».

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалады.

Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган.

Аталган жарандардын Кыргызстанга өтүп кетишине Казакстан уруксат бербей жатканы белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG