1-майдан тартып үч этап менен ишке киришүүчү тармактардын тизмеси 28-апрелде жарыяланган. Ага кирбей калган тармактардын иши өзгөчө кырдаал режими алынып салынмайынча жанданбайт. Алардын катарында бала бакчалар, мектептер, окуу жайлары жана башка билим берүүчү мекемелер бар.
«Эгер 1-июнга чейин кырдаал турукташса, ишин башташат. Режим улана берсе, 15-июнга же июль айына чейин жылып кетиши мүмкүн. Баары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды», - деди Асрандиев.
Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч этап менен ишканалардын, тармактардын ишке киришүү механизм иштеп чыккан. Биринчи этаптан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жардыгы менен Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.
29-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 вирусуна 729 адам чалдыккан. (ZKo)