Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, жети жылга эркинен ажыратылган Икрамжан Илмияновдун жактоочуларынын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 20-майда каралат.
Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык соттун өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, Илмияновдун иши боюнча соттук отурум 27-мартта болмок. Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жараян кийинкиге жылдырылган.
2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.
Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. (BTo)