Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Медиа: Брюссел Бээжиндин басымынан улам жаңы баяндамасын жумшартты


Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Брюсселде саммитте сүйлөп жатат, 9-апрель, 2019
Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Брюсселде саммитте сүйлөп жатат, 9-апрель, 2019

Батыш маалымат каражаттары жазгандай, Европа Биримдигинин Кытайдын коронавирус пандемиясына байланыштуу жалган маалымат таратканын айыптаган баяндамасы Бээжиндин басымынан улам создугуп жана жумшартылып жарыяланды.

«Нью-Йорк Таймс» басылмасы менен «Рейтер» агенттиги 25-апрелде жазып чыккандай, Бээжин Брюсселди доклад үчүн жооп берерин айтып коркуткан.

24-апрелде жарыяланып, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө таркатылган докладдын кыска резюмесинде Кытайдын дарегине айтылган сындар алып салынган, жумшартылган же кайра жазылган.

Мындай сындын арасынан Кытай «пандемия башталганда маалымат бербей койгонун жаап-жашыруу үчүн жалган маалымат таратуунун глобалдык өнөктүгүн улантып жатканы» тууралуу жери гана калган.

Басылмалар тараткан маалымат бир нече булакка, анын ичинде Евробиримдиктин ички каттарына негизделген.

20-апрелде жарыяланат деп пландалган жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисттери көргөн баяндама «Жалган маалымат таратуунун үч жактуу конвергенциясы» деп аталып, анда Кытай, Иран жана Орусия коронавирус кризисин кантип пропагандага айлантканы баяндалган.

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюмунун 21-апрелде жарык көргөн баяндамасында «Бээжиндин коммунисттик режими адатынча маалымат агымын катуу көзөмөлдөп турат, мунун залакасы пандемия учурунда бүт дүйнөгө тийди», - деп айтылат.

Кытай бийлиги эң башынан эле «эпидемиянын масштабын жаап-жашырган» деген сынга кабылып келет.

XS
SM
MD
LG