Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

COVID-19: Кытайда Харбин шаарына кирүүгө тыюу салынды


Харбин аэропорту.
Харбин аэропорту.

COVID-19 вирусу жуккандар көбөйгөндүктөн, Кытайдын түндүк-батышындагы Харбин шаарына кирүүгө тыюу салынганын «Reuters» агенттиги кабарлады. Мындан сырткары Харбин шаарынын тургундарында көчөгө чыгыш үчүн коронавирус жугузбаганын тастыктаган QR-код болушу керек. Көчөдө беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди.

10 миллион калкы бар Харбин Кытайдагы коронавирус тез жайылып жаткан экинчи шаар болуп жатат. Акыркы 10 күндүн ичинде 57 адамдан коронавирус табылган.

Алгачкы коронавирус Кытайдын Ухань шаарында өткөн жылдын декабрь айынын аягында катталган. Апрелдин башында бийлик бул шаардан чектөөлөрдү алып, кирип-чыгуу жанданган. Бүгүнкү күндө Кытайда жалпы COVID-19 вирусун алып жүргөн 83 миң адам катталган. Алардын 4600дөн ашыгы көз жумду.

XS
SM
MD
LG