Аты-жөнүн айтпаган жаран:
- Жардам берип жатат дешет. Кызыл-Кыштактын Ибн Сина көчөсүндө майыптар бар. Бизге бир дагы жардам келген жок.
Жазгүл Ашыралиева:
- Сокулук районунун 1-Май айылынын тушундагы дачада турам. Жалгыз бой энемин, үч баланы жазлгыз тарбиялайм. Телевизор жакшы көрсөтпөйт. Балдарыбыз жакшы билим ала албай калды.
Аты-жөнүн айтпаган жигит, Мурас-Ордо конушу, 4-квартал:
- Жардам ала албай жатабыз. Эч нерсе жок, жардам келгенин деле көргөн жокпуз. Күтүп жатабыз. Мына, бир айдын жүзү болду, мамлекеттен бирөө да чалып же сурап койгон жок. Такыр айлам кеткенде силерге жазып жатам. Акчабыз калган жок, тамак-аш түгөндү, ишибиз да токтогон.
Жалгыз бой эне, Бишкектин тургуну:
- Мен үч баланы жалгыз баккан энемин. Жазып, кайрылып жатам. Жанагы төрт номерге чалып жатам, эч ким албайт. Болгон номерге чалып жатам.
Жалгыз бой эне, Бишкектин тургуну:
- Алматы-Салиев көчөсүндө турам, батирге 15 миң сом төлөйм. Жалгыз бой энемин, эки балам менен жашайм. Батирдин акысын төлөй албай, ага да карыз болуп калдым. Акчам түгөнүп, элден карыз ала баштадым. Тамак-аштан жардам болсо экен.
Фарида Разаева, Ош шаарынын тургуну:
- Бизге жардам керек, төрт кичинекей балам бар. Батирде турам. Күйөөм Орусияда. Ал да карантинде иши болбой калды. Азыр төрт балам менен шаарда батирде калдым. Же төркүнүмө жетпей, же кайын журтума жете албай калдык. Балдарымдын улуусу сегиз жаш, кичинеси төрт айлык. Сиздерден жардам сурайм, өкмөттөн эч кандай жардам берилген жок. Жардам сурасам, “каттооң Ноокат районунда экен” дешти, Ноокаттан суратсам, “сен шаарга кетип калыпсың” дешти. Балдарыма жөлөкпул да албайм. Буга чейин жөлөкпулга документ тапшырайын десем, документтерди алганга 2500-3000 сом акча сурашкан. Акчам жок, жөлөкпулга бере албай калгам. Документтерим толук болсо да акча бербегеним үчүн жөлөкпулга киргизбей коюшкан.
Айгүл Бостонкулова, Сузак районундагы Багыш айылы:
- Мындан мурун кайрылган элем. Айылга жардам келиптир. Мени болсо айыл өкмөтүндөгүлөр урушуп туруп, өчүрүп коюшту. Иштей албайбыз, эч нерсебиз жок кыйналып жатабыз. Дүкөндөргө карыз болуп бүттүк. Үйүбүз жок, батирде турабыз. Каттообуз айылда. Бизге келген жардамды кайра алып кетишиптир. “Беш айлык кызым бар, карай турган эч ким жок. Кызым оорукчан, беш айдан бери догдурлап жүрөбүз” десем да эч ким түшүнбөдү. Ошондон бери эч ким жардам берген жок. 1227 номерине чалсак, алар арызыбызды алып коюшту. Андан бери көп убакыт өттү. Эмне болду деп кайра жазсам, “мэрияга баргыла” деди. Мен бара албай жатам. Акчам жок, отуруп калдык. Жардамга муктаж болбосок кайрылбайт элек. Менин үнүмдү эч ким укпайт жатат. Сиздерден суранып жатам. Үч баламды кыйналгандыктан айылга жөнөттүк.
Чынара Алиева, Бишкек, Обская көчөсү, 36:
- Үч балам бар, кичинекейим жети айлык. Жолдошум иштебейт, колдон келсе жардам бере аласыздарбы. Батирде турабыз. Корообузда башка да батирде тургандар бар. Жардам берип коюңуздарчы.
“Кыргыз темир жолу” кызматкерлерди кетирип жатабы?
Нуржан Керимбаева:
- Пандемия маалында эл ансыз да кыйналып турат. Ушул пандемиядан пайдаланып, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Дашков жумушчуларды себепсиз иштен кетирүүгө акысы барбы? Алардын үй-бүлөсүн, балдарын ким багат? Өкмөт элди ойлобой калса керек. Дашков себепсиз жумуштан кетирүүнү токтотсун. Эл ансыз да кыйналып турат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Камил Сыдыков мындай жооп берди:
- Көп адам иштен кетип, жаңылары алынды дегенди уккан жокмун. Мен билген маалыматка караганда, басма сөз катчысы жана юридикалык бөлүмдүн башчысы өз каалоосу менен арыздарын жазып кетишти. Калганы кадимки режимде эле иштеп жатышат.
Мекен көздөн учкан мекендештер
Талгатбек Рысбеков, Москва шаарынан:
- Мен карантинге чейин эле “Урал аба жолдорунан” билет алгам. Бирок ал каттам болбой калды. Андан кийин “Аэрофлот” компаниясына да бир билет алдым. Ал дагы учапай калды. Бирок элчиликке байланышсам, алар эч кандай жардам бербейт. Ал эми авиакомпаниялар “Кыргызстан учууга уруксат бербей жатат” деп айтышууда. Москвадагы элчилик болсо “Орусия авиакаттамдарын токтотту” деп бири-бирине эле түртө салып жатышат. Биздин үнүбүздү президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө жеткирсеңиздер, алар биздин маселебизди чечип беришсин.
Кадырбай уулу Жакшылык, Москва шаарынан:
- Биз төрт киши Москва шаарындагы хостелде жашап жатабыз. Кыргызстанга 23-мартка “Урал аба жолдорунан” билет алганбыз. Биздин акчабызды кайтарып бере элек. Андан кийин “Аэрофлоттон” билет алганбыз. 11-апрелде “Шереметьево” аэропортуна барганыбызда “Кыргызстан өз аэропортуна конгонго уруксат бербей жатат” деп, авиакаттамды алып салды. Мындан ары эмне болорун билбейбиз, билетибиз колубузда. Билетти тапшырып салып, акчасын алып жашайлы десек, авиакассанын баары жабык. Учуп кеткенге даярбыз, азыр хостелде күнүнө 300 рублден төлөп жашап жатабыз. Төлөгөнгө акчабыз, жегенге тамак-ашыбыз жок калды. Жакындарыбызга чалып, карыз сурайлы десек, телефондо бирдик жок.
Аты-жөнүн атабаган жаран:
- Екатеринбург шаарынан кайрылып жаттык эле. Кыргызстанга кетели десек, мүмкүнчүлүк болбой жатат. Учак бул жакка качан келет экен? Эмне кылаарыбызды билбей жатабыз. Кетебиз дегендер бир топ киши.
Аты-жөнүн айтпаган аял:
- Москва шаарынан кайрылып жатабыз. Биздин батирге, тамак-ашка акчабыз калбады. Такыр айлабыз кетти. Кыргыз өкмөтүнөн суранабыз, бизди токтоосуз алып кеткиле. Бизге хостел, тамак жана башка жардамдын кереги жок, бизге өз мекенибизге жеткенге гана жардам бергиле. Биз тизмедеги 300 киши ошону күтүп отурабыз. Арабызда такыр тыйыны калбай калгандар да бар.
Аты-жөнүн атабаган жаран:
- Москвада оор шартта турабыз. Биздин тыйыныбыз түгөнө баштады. Бизди өз мекенибизге кайтаргыла. Өз балдарыңарды, энелериңерди, эжелериңерди чет өлкөгө таштап койбоңуздар.
Акча алмаштыруунун азабы
Эдил Касенов, АКШда жашаган тургун:
- Бул туура эмес. Анткени канчалаган ишкер жумушсуз калат. Чет элде жүргөн мекендештер ыңгайсыз жолдо калат. Кичине болсо дагы күн сайын, ай сайын мигранттар өз жерибизге акча жөнөтөбүз. Бизге эми ыңгайсыз болот. Бул туура эмес чечим деп ойлойм. Улуттук банк ушул акча алмаштыруучу жайлар менен мыйзамга ылайык келишим түзүп, ишке ашырса жакшы болот. Ишкер катары менин оюм ушундай. Аларды жаап салып маселени чечпейбиз. Мыйзамды элдин кызыкчылыгына ылайык өзгөртүү керек. Ошондо биз колдойбуз. Бирок азыркы демилге туура эмес. Жаран катары өз көз карашымды айтууну туура көрдүм.
Таза суунун убайымы
Сокулук районундагы Петровка айылынын тургуну Рахима Егембердиева жай келгенде эле суу өчөт деп, бир тамчы тамбаган суу түтүгүн тасмага тартып жөнөткөн.
Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо конушунун тургуну:
- Сокулук көчөсүнүн тургунумун. Жети жылдан бери жайкысын суу проблемасы өтө курч болот. Суу чыгарганыбызга жети жыл болсо дагы жайкысын суу таппай калабыз. Бирок “Бишкек суу каналдан” суунун акысына төлөгүлө деген дүмүрчөктөр такай чыгып келет. Ошентин жайкысын ичпеген сууга да акча төлөйбүз. Айла жок. Азыр карантинде кенен ичкенге эмес, бети-колубузду жууганга суу таппай жатабыз. ”Бишкек суу каналына” канча жолу кайрылсак да эч кандай жооп бербей жатат. Акчаны алат, бирок эч кандай жардам көрсөтө албайт.
Токтогулда көпүрө жыл айланбай жараксыз болуп калды
- Мына Токтогул районундагы Кызыл-Туу айылынын Кудайберген кыштоосуна кеткен көпүрө. Былтыр күзүндө салынган. Мамлекеттик бюджеттен 84 миң сом каралган. Ошончо акчага салынган көпүрө ушулбу? Комиссия мүчөлөрү “84 миң сом кеткен” деп өткөрүп алышкан. Суу кирген жерине тор тартып, анан бетондоп койсо болмок да. Эки бетон шакекти коюп, тияктан кумдан алып, төгүп анан көөмп койгон. Эки сааттын ичинде ары-бери кылып салып кетип калышкан. Жазында суу алып кеткенден кийин бул жердин тургундары өздөрү кайра оңдошту.
Бул көпүрө да былтыр салынган. Ага мамлекеттик бюджеттен 60 миң сомдой корогон. Эч бир автоунаа өткөнгө мүмкүн эмес. Алты айдын жүзү боло электе ушундай абалга келип отурат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.