Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Эл үнү: Жөлөк пулдун азабы, четте калгандардын үнү


Бишкек шаарынын кире беришиндеги өткөрмө пост.
Бишкек шаарынын кире беришиндеги өткөрмө пост.

Өзгөчө абал киргизилгенден бери жөлөк пул албай калган энелер “Эл үнүнө” кайрылышты. Ошондой эле чет өлкөлөрдө ар кандай себептер менен калган жарандар да кыргыз бийлигинен жардам сурашат.

Сокулук районундагы Гавриловка айылында катталган Элзат Бейшекова кызы үчүн жөлөк пулду “Бишкектен ала албай калдым” деп жардам сурады.

Беш балалуу эне Манира Маматова:

- Баш балам бар, паспортумдун мөөнөтү бүтүп калып, тастыкманы тууралап тапшырайын деп кырдаалга байланыштуу тапшыра албай калдым. Социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров “эгерде ошол тапшыра албай калгандар болсо мурдагы документ боюнча ала беришет» деп билдирди эле. Почтага барсам, “карточкаңызга акча түшкөн жок”- деп айтышты, банкка барсам да акча түшпөптүр. Ошондо каяктан алам? Беш балам менен чогуу үйдө жети жанбыз. Тамак-ашым калбады.

Айнура Муктарали кызы, Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургуну, беш балалуу эне:

- Улуу кызым 14, кичүү балам эки жашта. Ушул күнгө чейин жөлөк пул такыр чыккан эмес. "Жериңер бар" деп беришкен эмес. Жолдошум иштебейт. Мен өзүм да иштебейм. Жер деле күндө бакпайт да. Кайненем 6 миң сом пенсия алат. Ошону менен эптеп жан багабыз. Тиешелүү жерлерге кайрылып, жардам берип коюшуңарды суранабыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык камсыздоо департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурзада Токторалиева төмөнкүчө жооп кайтарды.

- Мураталы кызы Айнура мындан эки жыл мурда райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылган экен. Андан бери мыйзамга өзгөрүү кирген. Ошол эки жыл мурда кайрылганда жалпы кирешенин эсебинин негизинде чегерилчү. Азыркы күндө жөлөк пулду чектөө тартибинде чоң ата-чоң энеси менен чогуу жашагандыгы эсептелбейт. Кийинки жумада тийиштүү документтерин алып барышсын. Эгерде мыйзамга туура келсе жөлөк пул алышат.

Ал эми Гавриловка айылынын тургуну Элзат Бейшекова боюнча айта кетсем, бул жаран азыркы күндө убактылуу Бишкек шаарында жашайт экен. Туруктуу каттоосу Гавриловка айылында болгондуктан, Сокулукка барып почта түйүнүнөн алып жүргөн. Эми кырдаалга байланыштуу ал жакка бара албайт, чыкса кайра кире албайт. Социалдык коргоо министрлиги акчаны почтага которгон. Акчасы турат. Эгер кийинки жумаларда албаса, акча кайра артка кайтарылат. Ошондо кийинки айдыкы менен гана чогуу алат. Картасынын мөөнөтү бүтүп калса, райондук социалдык башкармалыкка кайрылсын.

Гуманитардык жардам күткөндөр

Арыкова Дамира, 1986-жылкы болом.

- Беш кичинекей балам бар. Жалгыз бой энемин. Жөлөк пул алып, ошону менен оокат кылчумун. Ал дагы токтоп калып, экинчи документимди тапшыра албай калдым. Азыр аябай кыйналып жатам. Мага кандай жардам болсо да керек эле. Ала-Тоо жаңы конушундагы Учкун 3А дарегинде турам.

Атын атабаган жаран:

- Бишкек шаарынын Биринчи май району, Манас көчөсү 195а дарегинде турам. Кичинекей балдарга жардам керек.

Аты-жөнүн атабаган аял:

- Мен Каракол шаарынан болом. Картаң ата-энем эки балам менен Караколдо жашайт. Мен Бишкекте тигүүчү болуп иштечү элем. Жумушум март айында эле токтоп калды. Апам 30 жылдан ашуун мектепте мугалим болуп иштеп, 3000 сом пенсия алат. Ошого баарыбыз жашайбыз. Үч бир тууганбыз, үчөөбүз тең жумушубуз жок калдык. Жумушсуздар абдан көп болгондуктан, өкмөт баарына тегиз караса болмок. Карантин убагында иш менен камсыз кылып берсеңер жакшы болот эле. Жумасына 200-300 сомдон тапкан иш берсеңер. Мен гуманитардык жардам, тамак-аш сурабайм, алардын баары түгөнөт. Кайрадан жардам сурап, жалдырашка туура келет. Иш берчүлөр бар болсо, иштеп өзүм эле үй-бүлөмдү багат элем.

Аты-жөнүн айтпаган тургун:

- Менин колумда үч неберем бар. Ушулардын апасы кайтыш болуп калган. Атасы Ат-Башыда айылда жумушу жок же үйү жок, булар менин колума келишкен. Мен пенсионермин, 65 жаштамын. Батирде жашайм. Эптеп неберелеримдин курсагын тойгузуш үчүн эки жакта иштеп аткам, эми үйдө отуруп калдым. Акыбалыбыз оор.

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Азык-түлүк жок кыйнала баштадык. Домкомдорго барсак «бербейбиз, кезегиңди күт» деп коюшту. 15 күн болду, эч кандай жардам жок. Жардам бергилечи.

Ак-Ордодон жардам сургана тургун:

- Жардам бере тургандар Ак-Ордо жакка келбейби? Бул жакта жалгыз бой энелер, майып балдары бар үй-бүлөлөр көп. Ак-Ордону деле кыдырып коюшпайбы. Биз шаарга да кошулбайбыз, Сокулукка да карабайбыз. Картада жок болгонубуз үчүн эч ким келбейт. Бизге деле жардам берип коюшсунчу.

Болуев Догдурбек

- Керамическая жаңы конушунда турабыз. Кыйналып жатабыз. Даргегибиз: Керамическая конушу, телефон: 0-700-158-120

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы: муктаж жарандарга гуманитардык жардам таратуу үчүн 85 миңден ашуун үй-бүлөнүн тизмеси түзүлдү. Бишкектеги жана анын айланасында жашаган 44 миңдей үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, өкмөт бөлгөн 300 тонна ун таратылды. Андан тышкары жакында 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү каралып жатат.

Ооруканада берилген тамак-аш

Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус дартына күмөн саналып жаткырылган жаран:

- Мен азыр эки балам менен ооруканада жатам. Кайненемдин абалы оор. Берилген тамак-ашты мен жей берет элем, бирок балдарымды мажбурлай албайт экем. Балдарым ботко жешпейт. Булар эртең менен ботко алып келишет. Түшкү тамакка биринчи, экинчиси менен беришет. Ал деле шылдыраган шорпо. Кечинде кайра ботко беришет. Тууганыбыз оорукананын кире беришине жашылча-жемиш таштап кеткен. Ал бизге жеткен жок. Медайымдар өздөрү ачка калып жатканын айтышууда.

Бишкектеги Жугуштуу оорулар клиникасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин жообу:

- Биз үч маал ысык тамак беребиз. Эртең менен ботко наны менен беребиз. Түшкү тамакта ысык шорпо бар. Кээ бир бейтаптар витамин, жашылча-жемиш талап кылып атышат. Биздин рационго алар кирбейт. «Туугандардан келген азык-түлүк жетпей калды» деген доомат жалган.

Чет жерден кайрылган жарандар

Мурат, Токио шаарынан:

- Келгенибизге бир айдан ашып калды. Негизи эки жумага келгенбиз. 2-апрелде бул жактан учушубуз керек эле. Авикаттамдардын токтоп калганына байланыштуу бул жакта калып калдык. Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги иштеп атат, бирок эч кандай жыйынтык болбогонуна байланыштуу биз өзүбүз дагы аракет кылуудабыз. Бул жакта 25 киши Кыргызстанга кете албай атышат. Кыргыз бийлигинен бизди кандайдыр бир жол менен алып кетишсе деп суранат элек. Өзбекстан чартердик каттам уюштуруп, өз жарандарын алып кетти. Башка мамлекеттер да алып чыгып кетишүүдө. Бизди да Кыргызстан алып кетет деген үмүттөбүз.

Москва шаарынан кайрылган жаран:

- Мен Москва шаарынан кайырылып жатам. Документтеримди эки-үч күн мурда дүкөндөн уурдатып жибердим. Ички иштер башкармалыгынан документтеримди уурдатканым тууралуу тастыктама алгам. Бул жакта апам, иним бар. Үчөөбүз тең үйдө жатабыз. Кантип кетебиз Кыргызстанга?

Гүлбарчын, Москва шаарынан:

- Жалал-Абад шаарынан болом. Жолдошум экөөбүз 26-мартка билет алган болчубуз. Ошондон бери үйдөбүз. Жумуш жок. Батир акысын дагы төлөй албай калдык. Азык-түлүк жок. Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кайрылсак, юристтердин номерин беришти. Аларга чалсак, орундуу маалымат бербей, тескерисинче “билетиңерди тапшыргыла дагы ошол акчага тамак-аш алып, батир акысын төлөп, жан багып тургула” дешти. Жогору жактагыларга кайрылабыз, бизди Москвадан алып кетиңиздер.

Эркингүл Бейшеева, Москва шаарынан:

- Москвага кызым операция болуп келдим эле. Бир жарым айдан бери кете албай отурам. Жеке эле иштеп аткандар эмес, Кыргызстандан өз көйгөйлөрү менен келген жарандырыбыз бар. Ошолордун баары кете албай отурабыз. Алып кетүүңөрдү суранабыз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Алик Жекшенкулов “Азаттыка” берген маегинде азыр ар бир мамлекет өз элинин коопсуздугун, саламаттыгын сактоо аракетин көрүп жатканын түшүндүрдү:

Орусиядан бир учак жөнөтүү үчүн Росавиация, Тышкы иштер министрлиги, Роспотребнадзор, Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алып, атайын өкмөттүк комиссиянын чечими чыгышы керек.Ал боюнча үйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок чечим чыга элек деп билдирди.

Ал эми 18-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын миграциялык макамы тууралуу буйругун чыгарып, ага ылайык Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга патент акысын төлөө 15-марттан 15-июнга чейин токтотулганын жана ушул убакыт ичинде чет өлкөлүктөргө миграциялык каттоосуз жүрүүгө уруксат берилгендигин эске сала кетели. Андан тышкары миграциялык талаптарды сактабай жүргөн чет өлкөлүктөргө административдик чара колдонуу жана ишке кабыл алууда миграциялык документтерин талап кылуу убактылуу токтотулду.

Урматтуу угарман, Орусияда жүргөн бир топ мекендештерибиз Кыргызстандын элчилигинин байланыш телефондорун да көп сурашат. Анда жазып алыңыз- +7 (499) 237-46-01, +7 (499) 237-48-82, + 7 (499) 237 65 65, +79251032911

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG