Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Дарыгер: инфекция жуккан адамдын ден соолугу бир күндө өзгөрүп кетиши мүмкүн


Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери бейтаптарды узатып жатышат.
Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери бейтаптарды узатып жатышат.

22-апрелде коронавирус илдетин жеңип чыккан 38 бейтаптын жетөө Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынан чыккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчисинин орун басары Айнура Узакбаеванын айтымында, алардын эки жолу ПЦР анализдери таза чыккандан кийин үйүнө коё берилди. Айыгып чыккандардын арасында медициналык кызматкерлер да бар.

«Бизге диагнозу шектүү жана аныкталган бейтаптар түшүп жатат. Алардын абалы ар кандай болот, симптому жок формада, оор, жеңил абалда. Алар дарыланып дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Бул инфекциянын коркунучтуу жери - адамдын абалы канааттандыраарлык болуп туруп, кийинки күнү кескин начарлап кетиши мүмкүн. Андыктан олуттуу карап, адистердин сунушун угуш керек», - деди дарыгер.

Узакбаева айыгып чыккан бейтаптар дарыгердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Бүгүнкү күнгө карата илдет жуккандардын жалпы саны өлкөдө 612 кишиге жетти. Алардын сегизи каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG