Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Казакстандан 22 миң тонна ун квотадан тышкары берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эркинбек Чодуев 22-апрелдеги брифингде билдирди. Анын берген маалыматына караганда, бул Казакстан Кыргызстанга ай сайын 30 миң тонна деп койгон квотадан тышкары берилип жатат.

«Буудай жана ун алуу боюнча Орусия жана Казакстан менен сүйлөшүп жатабыз. Казакстандык ишканалар аркылуу биздин ишкерлер дагы 10 миң тонна ун алып келишти, бүгүндөн тартып алып кирип жатышат», деди Чодуев.

Министрдин айтымында учурда өлкөдө ун тартыштыгы жок. Мамлекеттик материалдык резерв фонду Орусиядан 28 миң тонна буудай сатып алган. Орусиядан алынып келген дандын алгачкы бөлүгү Кара-Балтадагы «Дан» мамлекеттик компаниясынын кампасына түшүрүлүүдө.

Казакстан 26-марттан тартып дан, ун жана ун азыктарын экспорттоого, анын ичинде ЕАЭБ аймагына да сатууга чектөө киргизген. Эки тараптуу макулдашуунун натыйжасында Казакстандан Кыргызстанга айына 30 миң тоннадан ашык эмес көлөмдө ун сатууга уруксат берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG