Түштүк Кореянын бийлиги «коңшулаш Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жүрөгүнө операция болгондон кийин абалы оор» деген кабарды ырастаган жок. Сеул мындай маалыматка ээ эмес экенин президенттин администрациясы билдирди.
Пхеньяндын жалгыз ири өнөктөшү Бээжин тарап жаткан кабарларды ырастаган жок. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан: «Мен чынында айрым кабарларды көрдүм, бирок ал кабарлардын булагы кайдан экенин билбейм. Кытай менен Түндүк Корея тоолор жана дайралар менен танапташып турган ынак коңшулар экенин айткым келет», деп билдирди басма сөз жыйынында.
Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу буга чейин түштүк кореялык маалымат каражаттары жазып, операциядан кийин абалы оорлоп кеткени тууралуу анонимдүү булактарга таянып кабарлап жатышкан. Мисалы, «Daily NK» агенттигинин анонимдүү булагы Түндүк Корея лидеринин жүрөк оорусу күчөп кеткенин билдирген.
Ал эми CNN телеканалы америкалык бийликтеги булагына таянып, Вашингтон Ким Чен Ын тууралуу чалгын маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлады.
Ким 15-апрелде чоң атасын эскерүүгө катышкан эмес. Бул күн өлкө негиздөөчүсүнүн туулган күн катары Түндүк Кореяда бирден-бир маанилүү дата болуп эсептелет. Майрамга такай катышып келген Ким Ир Сендин небересинин бул ирет жок болушу түрдүү кептерге себепчи болгонун Би-Би-Си да жазды. Жергиликтүү мамлекеттик медиада анын сүрөтү акыркы ирет 12-апрелде жарыяланган. Анда Ким Аскер-аба күчтөрүнүн базасына барганы кабарланган.