Жалал-Абад: гумжардам жетпеген конуш
Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна караган Живпром жаңы конушунун тургундары айылга гуманитардык жардам берилбей жатканын айтып, нааразычылык билдирип чыгышты. Көчө боюна чогулган 50дөн ашык тургундар карантиндик мезгилде оокат-аштан кыйналгандар көбөйгөнүн, сырттан ичүүчү суу ташып келүү кыйындаганын билдиришти. Живпром айылындагы көпчүлүк турак жайлар ушул күнгө чейин каттоого алына элек.