Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

«Эркечтам» өткөрмө бекети ишке кирди


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетиндеги инспекциялык көзөмөл пункту. Ош облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетиндеги инспекциялык көзөмөл пункту. Ош облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан-Кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-апрелден тартып ишин жандантты. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, бекет ишке киргенден бери Кытайдан жети жүк ташуучу машинге Кыргызстанга кирген. Алардын ичинен бешөө транзит аркылуу Өзбекстанга кетүүчү, экөө Кытайдан гуманитардык жардам алып келе жаткан машинелер.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов «Азаттыкка» маалымдагандай, COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алыш үчүн атайын талаптар иштелип чыккан. Ага ылайык, айдоочулар «Эркечтам» бекетине келгенге чейин машинеден түшпөйт. Бекетте адистер алардын дене табын өлчөйт жана ошондой эле айдоочулар аңгемелешүүдөн өтүп, экспресс-тест тапшырышат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирүү жана оор жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат берүү тууралуу эки тараптын келишими 14-апрелде түзүлгөн. Келишимдин жөө адамдардын жана жеңил автоунаалардын өтүшүн чектөөгө тиешеси жок.

Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы дагы бир «Торугарт» бекетин ачуу эпидемиологиялык абалга жараша чечилери кабарланган.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө үчүн 24-январда жабылган.

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу 2-февралда бул убакытты дагы узартып, Кытай менен болгон аба каттамдарын толук токтоткон.

Кыргыз өкмөтү март айынын аягында чек арадагы «Эркечтам» өткөрмө бекетин ачуу жөнүндө сунуш менен Кытайдын бийлигине кайрылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG