Оштун комендатурасынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 17-апрель күнү Кара-Кулжа районундагы «Кара-Кочкор» санаторийинде уюштурулган обсервациядагы медайымдар менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш «маалыматтын жетишпестигинен» улам болгонун билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жергиликтүү тургундар коронавирус жуккан деп шек саналгандарды тейлеген медайымдардын үйлөрүнө барып келишине каршы болушкан. Бирок үйлөрүнө каттаган кызматкерлер обсервацияга алынгандар менен байланышта болушкан эмес.
«Болгону 14-15 күн көзөмөлгө алынган, Бишкектен жана башка сырттан келген адамдар бар. Ошолорду эле көзөмөлдөгөнү жаткырылган. Анын коркунучу жок экенин түшүндүргөндөн кийин тургундар тарап кетишкен. Жергиликтүүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кооптоно турган эч нерсе болгон жок», - дейт Аширбаев.
Учурда обсервация жайгашкан көчөнү эки милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.
Каракочкорлуктар менен медайымдардын кайым айтышуусу тартылган видео Интернетке тарап кеткен. Ошол эле күнү райондогу «Калпак» санитардык-постунда «коронавирус жугузуп алган киши каза болду» деген маалымат «Whatsapp» аркылуу жайылып, расмий өкүлдөр анын жалган экенин билдиришкен. Комендатура элди ар кандай такталбаган билдирүүлөргө ишенбей, тастыкталган жана расмий булактардан гана маалымат алууга чакырууда.
20-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 568 кишиге жетти. Алардын 147си Ош облусунда болсо, 87си Ош шаарында. (DU)