Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Комендатура: Кара-Кулжадагы постто киши өлгөнү тууралуу маалымат жалган


"Whatsapp" аркылуу Кара-Кулжа районундагы "Калпак" санитардык-постунда коронавирус жуктуруп алган киши каза болгону жөнүндө тарап жаткан маалымат жалган экенин Оштун комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-апрелде болгон. Видеодо бир адамдын "белим ооруп жатат" деп жолго жатып алганын көрүүгө болот. Андан тышкары бир нече жаран экспресс-тестти күтпөй кетүүнү талап кылып, милициянын иштөөсүнө тоскоолдук жараткан. Алардын бири өзүнүн автоунаасын жолго токтотуп койгон.

Жыйынтыгында үч жаран райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 82/2-беренесинде (өзгөчө кырдаалда мыйзамдуулукту жана тартипти бузууга багытталган иш-аракеттер) көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталып, протоколдор түзүлгөн. Алардан алынган тесттин жыйынтыгы таза чыгып, үйүнө жөнөтүлгөн.

18-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 506га жетти. Алардын 140ы Ош облусунда болсо, 74ү Ош шаарында. (DU)

XS
SM
MD
LG