Бул туурасында «Азаттыкка» Оштун комендатурасынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, буйрук кээ бир мыйзамдарга шайкеш келбегендиги үчүн 16-апрель күнү кайра жокко чыгарылды. Мындай чечим кабыл алууга ишкерлердин, укук коргоочулардын кайрылуулары негиз болгон.
Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 13-апрелдеги буйругу менен Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салган.
Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.
30-апрелге чейин аталган аймактардагы өзгөчө абалды узартуу жана Нарын шаарына, Ат-Башы районуна өзгөчө абалды киргизүү тууралуу 14-апрелде президенттик жардыгы чыгып, Жогорку Кеңеш макулдук берген. (DU)