Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Муфтий: өзгөчө абал учурунда таравих намазы үйдөн окулат


Бишкектеги мечит.
Бишкектеги мечит.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылгандыктан Рамазан айында таравих намазы үйдөн окулат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 15-апрелде видеокайрылуусунда айтты.

«Абал турукташканга чейин таравих намазын үйдө окуйбуз. Жума намаздын ордуна бешим намазын, беш убак намазды үйдө окуп жаткандан кийин таравих намазын да үйдө бала-чака менен окуп турабыз», - деди Максатбек ажы Токтомушев.

Муфтий андан тышкары коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам орозо кармагандар ооз ачууну да үйдөн кыларын кошумчалады. Айрым маалыматтар боюнча, быйыл Рамазан айынын башталышы 24-апрелге туура келет.

Таравих намазы - Рамазан айында гана куптан намазынан кийин 20 ирет окулуучу сүннөт намаз болуп эсептелет. Таравих намазын жамаат менен окуш керек. Бул намазды жеке өз алдынча окуса да болот. Бирок жамаат менен окуу максатка ылайык деп эсептелет.

Коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган.

Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилди. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG