Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Жалал-Абаддагы дарыгерлердин жол азабы


Жалал-Абад шаарында автобус күткөн дарыгерлер. 14-апрель 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарында автобус күткөн дарыгерлер. 14-апрель 2020-жыл.

Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин жумушка барып-келиши кооптуу жана татаал бойдон калууда. Айрыкча айылдан каттап иштегендер блокпосттордон жөө өтсө, шаар ичинде топтолуп автобустарда жүргөн медиктер арбын болуп жатат.

Аймактын коменданты дарыгерлердин өздүк автоунааларына саналуу гана өткөрүү кагаздары берилгенин айтып, автобустардын санын көбөйтүү зарыл экенин айткан.

Таңкы саат 7:30дан баштап Жалал-Абад шаарындагы Куркура блокпостунда жөө адамдардын кыймылы жанданат.

Алардын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлери. Алар шаардагы ооруканага жакын айылдардан каттап иштешет. Көчөдө автобус күтүп турган кызматкерлердин бири, Сузак районунун тургуну Гүлжан Исабаева буларды айтты:

«Үйдөн блокпостко чейин жолдошум автоунаасы менен таштап коёт. Андан жумушка чейин медиктерди ташыган автобус менен барам. Чындыгында карантин башталган алгачкы күндөрү жумушка каттоо кыйын болду. Көчөдө маршрутка түгүл такси да жок. Бир топ чакырым жөө каттап жүрдүк. Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен автобустар уюштурулду. Бирок азыр да кооптонуу бар бизде, анткени бир топ адамдар менен автобуста чогуу кетүү коркунучтуу. Айла жок, чыкпай койгонго да болбойт».

Жалал-Абад шаары. 14-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. 14-апрель, 2020-жыл.

Медицина кызматкерлерин ташыган автобус күн сайын карантиндик постко саат сегизге жакын келет. Ага чейин аялдамага блокпосттон өткөн 40ка жакын кызматкер чогулду. Алардын баары бир кичиавтобус менен жумушуна барууга туура келет.

Жолдо карай медиктерди терип салып келе жаткан автобуска аялдамадагы медиктердин 20га жакыны гана батты. Ошентип 27 орундуу кичиавтобус менен 40тан ашуун медицина кызматкери ишке барат.

Батпай калганы кийинки транспортту күтүп калышты. Сузак районунун Бек-Абад айылынан шаарга келип-кетип иштеген медицина кызматкери Жамийла Садирова мындай деди:

«Мен Сузак районунун Бек-Абад айылынан келип иштейм. Эртең менен жумушка келүү түйшүк болуп жатат. Үйдөн чыгып Бек-Абаддагы постко чейин бир топ чакырым жөө келебиз. Блокпосттогу аскер кызматкерлеринен суранып, автоунааларга салып коюуну өтүнөбүз. Эгерде эч нерсе жок болсо жөө басууга туура келет. Бизде ушундай кыйынчылык. Шаар ичине автобус уюштурулганы менен райондордон келиш кыйын болуп жатат».

Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлерин ташыган автобус. 14-апрель 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлерин ташыган автобус. 14-апрель 2020-жыл.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында эмгектенген 300дөн ашуун кызматкерлердин 70% айылдардан каттап иштейт. Оорукананын саналуу гана кызматкерлеринин автоунааларына уруксат кагазы берилген. Шаар ичинде аларды ташууга автобустар уюштурулганы менен сырттан келгенде кыйынчылык жаралып жатат.

Аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Гүлбарчын Рахманова маселе жөнгө салынып жатканын айтты:

Гүлбарчын Рахманова.
Гүлбарчын Рахманова.

«Кызматкерлерге автоунаа уюштуруп берүү боюнча жергиликтүү бийликке кайрылуу жиберилген. Мэрия эки автобусту медиктерди ташууга берген. Жугуштуу оорулар бөлүмү азыркыга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мындан сырткары лаборатория жана рентген бөлүмдөрүндө да иш кызыды. Оорукананын администрациясы, жетекчиси жана орун басарлары да министрликтин буйругунун негизинде 24 саат бою иштөөгө өткөн. Кээде түнкү 1-2ге чейин калып иштөөгө туура келүүдө. Бир аз гана дарыгерлердин автоунааларына жүрүүгө уруксат берилген. Ал эми көпчүлүк кызматкерлер үйүнөн жөө каттап иштеп жатат. Анткени темирде вирус көпкө чейин сакталгандыктан, очок чыккан айылдардан автоунааларды чыгарбоо тууралуу чечим кабыл алынган».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 15-апрелге карата 93 медицина кызматкери вирус жугузганы аныкталган.

Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдраманов дарыгерлерге жолдо жүрүүдө тоскоолдук болбошу керек экенин билдирди:

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

«Мэрия медицина кызматкерлерин ташууга автобустарды уюштурганы менен азыркы шартка туура келбей жатат. Арасында жугуштуу оорулар бөлүмүндө, башка жактарда иштеген кызматкерлер бар. Ичинде баратып сүйлөшөт, учурашат да. Бул өтө кооптуу. Менин сунушум - дарыгерлерге өз автоунаалары менен жүрүүгө шарт түзүп берсе, автобустарда да эл азаймак. Мен бул тууралуу комендантка да кайрылдым, бирок бир жумадан бери бул маселе чечилген жок. Жакында эле түнкүсүн бир дарыгерди үйүнөн чакырып, жолдо келе жатып аскерлер кармап, эки саат алар менен убара болду. Мындай учурда дарыгерлерди колдош керек».

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков өзгөчө абал учурунда автоунаа кыймылын чектөө башкы маселе экенин айтты:

Жеңиш Жоробеков.
Жеңиш Жоробеков.

«Менин маалыматым боюнча 2 миңдей медицина кызматкери эмгектенсе, алардын жарымынын эле автоунаасы бар. Биздин негизги чектөө - мүмкүн болушунча машиненин санын азайтуу. Мындан сырткары тургундардын көчөдө жана коомдук жайларда жүрүшүн чектөө. Ушундан улам биз автоунааларды токтотуп, коомдук транспортту жүргүзүүнү туура көрдүк. Медиктерди ташууда санитардык эрежелер, тийиштүү көрсөтмөлөр белгиленип, сакталып жатат. Ошол эрежелер менен дарыгерлерди үйдөн жумушка, жумуштан үйгө жеткирип жатабыз».

Жалал-Абад облусунда нөөмөттөгү жана илдети аныкталган дарыгерлер менен байланышта болгон 106 медицина кызматкери обсервацияга алынган. Алардын ичинен 57си - 14 күндүк нөөмөт алмашкан дарыгерлер. Калган 49у илдет аныкталган санэпидкөзөмөл дарыгери менен байланышта болгон шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери.

Жалал-Абад шаарында дарыгерлерди ташууга эки автобус уюштурулган. 14-апрелден тартып аларга дагы эки автобус кошулду. Аймакта блокпосттордон өтүүгө жалпысынан 1200 машинеге уруксат берилсе, алардын канчоо дарыгерлер үчүн экени айтылган жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG