Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Министрликти кайтарган милиционерден коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 14-апрелде «Азаттыкка» министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин министрликке келип-кетип иштеген кызматкерден коронавирус табылгандан кийин калгандары да текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция кызматкеринен коронавирус ошондо табылган.

«Контакт катары деп министрликте иштеген кызматкерлерди текшергенде постто турган милиционер жигиттен чыкты. Түз контакт эмес, балким, башка жерден жугузуп алгандыр. Бул убагында текшере калгандын пайдасы», - деди ал.

Үсөнбаев ал милиционердин да контакттары изилденип, ооруну жайылтып жибербеш үчүн чара көрүлөрүн айтты.

Коронавируска каршы республикалык штабдын өкүлү бул илдетке чалдыкканы 13-апрелде белгилүү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG