Кыргызстанда өзгөчө абал шартында «жалган маалымат таратты» деп, элден кечирим сураган адамдардын тасмалары күн сайын Интернетке жарыяланууда. Аларды күч органдары расмий кабарлап, элди дүрбөлөңгө салган жалган маалыматка каршы иш катары көрсөтүп жатат.
Бирок 12-апрелде Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышевдин кечирим сураган тасмасы бул тармактагы абалга өзгөчө көңүл бурду.
Социалдык тармактагы баракчасында дарыгерлерге коронавирустан коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп жатканын ачык жазып келген Апышев кийин ал билдирүүлөрү «жалган» болгонун айткан:
«Ушул күндөрү сапатсыз беткаптар боюнча жалган маалымат тараткам. А чындыгында поликлиникада жеке коргонуучу жана беткаптардын сапаттуу топтому бар. Жалган маалымат таратканым үчүн кечирим сурайм».
Бектур Апышевдин мындай актануусу Интернетке жарыяланары менен кызуу талкуу жаратып, дарыгерлерге эмес, күч органдарына карата сын-пикирди күчөттү.
Бул дарыгерлерге карата кам көрүү жетиштүү эмес экени айтылып, жумуш маалында коронавируска кабылган дарыгерлердин саны 79га жеткен учурга туш келди.
Социалдык тармактарда #БекТур деген хештэг менен медицина кызматкерлерин колдоо акциясы башталды.
Укук коргоо органдарынын ишин өлкөдөгү көйгөйлөрдү жана чыныгы абалды жашырып, дарыгерлерге басым кылуу аракети катары сындагандар көбөйүүдө. Укук коргоочу Динара Ошурахунова: «Тиешелүү шарт түзүлбөгөнү үчүн жана ооруга чалдыккан дарыгерлер үчүн ким кечирим сурайт?» деген собол таштап жатат:
«Маселелер көп. Ошол маселелерди башынан чечип койбой, даярдык начар экенин эми жаап-жашырыш үчүн ушундай жол менен коомчулукка чыгарбоо аракети байкалып жатат».
Ошурахунова коронавирус инфекциясы боюнча Кытайда алгач айтып чыккан Ли Вэньлянды да алгач кечирим суратышып, кийин ал каза болгон соң бийлик өзү андан кечирим суроого аргасыз болгон мисалды да кошумчалады.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» атайын токтом даярдап, парламентке жиберди.
Бекешевдин айтымында, учурда өзгөчө абалга шылтап, дарыгерлерге басым кылуунун кесепети оор болушу мүмкүн:
«Дарыгерлер вирусту иш үстүндө эмес, өзүнчө жугузуп алышты» деген маалымат айтылды. Өкмөт «аны иликтейбиз» деди. Экинчиден, Ысык-Атада дарыгерлерге тиешелүү коргонуучу каражаттар жетишсиздигин жазган дарыгер Бектур Апышев кийин кайра жазганын жокко чыгарып, кечирим сурап жатат. Ошондуктан, мындай шартта биз медицина кызматкерлерин ар тараптан колдоого жана коргоого алууга тийишпиз».
Депутат токтом долбоорунда медицина кызматкерлерин куугунтуктап, кечирим сураткан УКМК кызматкерлеринин ишине укуктук баа берүүгө жана Башкы прокуратураны укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө чакырган.
Дарыгердин окуясы боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев да кабатырлыгын билдирип чыкты.
«Биз учурда ооруканалардын жетекчилери жана координаторлору менен тыгыз иш алып барып, дарыгерлерге басым жасабоого чакырып жатабыз. Медиктер маселени айта алат. Алардын кечирим сурап жатканын теле же социалдык тармактардан көрсөтүү туура эмес», - деди министрликтин өкүлү.
Акыркы окуя боюнча күч органдары расмий комментарий бере элек. Бирок буга чейин өзгөчө абал шартында жалган маалымат таратуу аркылуу элди дүрбөлөңгө салгандар жазага тартыларын бир нече жолу эскертип келишкен эле.
«Жалган маалыматка каршы күрөш зарыл»
Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Давудов азыркы кырдаалда жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралышы керек экенин айтууда:
«Өзгөчө абал болуп аткан соң ар кандай жалган маалыматтарды таратуу абдан туура эмес нерсе. Ошондуктан УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери тактап, тастыктап өз убагында күрөшүшү керек. Өзгөчө абал шартында жалган маалымат таратып, элди дүрбөлөңгө салгандарга каршы мыйзам чегинде чара көрүш керек экенин Конституция баш болгон мыйзамдарда көрсөтүлүп турат».
Негизи Кыргызстанда өзгөчө абал шартында дарыгерлерге байланыштуу талаштуу жагдай биринчи жолу жаралган жок. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Ошто коронавирус жугузуп алган доктурлардын бири умрадан келгендердин үйүнө конокко барып илдетке кабылган» деп айтып чыккан болчу. Бирок кийинчерээк аты аталган дарыгерлер өкмөт өкүлүнүн маалыматын четке каккан кайрылуу таратышкан.
13-апрелде болсо Кубатбек Боронов бирөөнү ашкерелөө максаты болбогонун, коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин гана эмес, баарын ишин так аткарып, ооруга чалдыкпаш үчүн алдын алуу чараларын көрүүгө чакырганын кошумчалап, айткан сөзү үчүн кечирим сурады.
«Дарыгерлерге жан тарткандар арбыды»
Ал арада социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары, акындар, коомдук ишмерлер, шоу-бизнес өкүлдөрү жана журналисттер да Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун догдуру Бектур Апышевдин мурдагы сөзүнөн танып, кечирим сураган окуясынан кийин атайын акция башташты. Алар да бийликти дарыгерлердин иштөөсүнө шарт түзүп берүүнү талап кылышууда.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Фейсбуктагы» баракчасына бийликке видео аркылуу кайрылды. Анда ал ооруп калган дарыгерлерди кысымга алгандын ордуна аларга чет жактан адистерди алып келип айыктырып калыш керек экенин белгиледи:
«Мен УКМКнын кызматкерлерине жана бийликтегилерге абдан нааразымын. Эмне үчүн алар ушул апааттуу күндөрдө ар бир кыргызстандык жарандын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлер өз көйгөйүн айтып чыкса, кечирим суроого мажбурлап, аларды кайра тыйып жатат? Өз өмүрлөрүн тобокелге салып жаткан ак халатчандарга карата мындай мамиле кылганга эч кимдин моралдык укугу жок! Тескерисинче, ооруп калгандарынын өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Ал тургай чет жактан жакшы адистерди алып келели. Урматтуу дарыгерлер, биз силерге таазим кылабыз, колуңар жеңил болсун!»
«Баарыбыздын абалыбыз даки беткаптай»
Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери Бектур Апышевдин алгач үлбүрөгөн жука даки беткапты өз баракчасына коюп, андан кийин кайра видео аркылуу кечирим сураган окуясынан кийин шоу-бизнестин өкүлдөрү да дарыгерлерди колдоого өттү.
Белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков азыркы Кыргызстандын абалы дал ошол үлбүрөгөн даки беткаптай болуп калганына кейип, «Твиттердеги» өз аккаунтун даки беткаптын сүрөтү менен алмаштырды:
«Биз жашырып жүрүп көнүп калган экенбиз, Ысык-Көлдөгү, Оштогу дарыгерлердин, эми минтип Ысык-Атадагы дарыгердин абалын караңызчы. Булар тескерисинче жашырбай, көйгөйлөрүн утур-утур коомчулукка алып чыкса чечилмек да. Күч органдары кылдыбы же жетекчилигиби, кимиси кылса да өтө туура эмес кысым жасады деп ойлойм. Чындыгында мен азыр өзүмдү, үй-бүлөмдү, өзүм жашап жаткан өлкөмдү дал ошол үлбүрөгөн даки маскага салыштырдым. Биз баарыбыз азыр жука, үлбүрөгөн, эч нерседен эч кимди коргой албаган маскага окшоп калдык да».
«Айлыктарын көтөрүш керек»
Дарыгерлерди онлайн колдоо акциясына кошулган айрым жаш активисттер медкызматкерлердин айлык акысы менен аларга төлөнчү кенемтени коңшу мамлекеттердикиндей көбөйтүүнү талап кылышууда. Маселен, Замир Айылчиев аттуу активист «Фейсбуктагы» баракчасына хэштег менен айлык көтөрүүнү талап кылууну сунуш кылды:
«Дарыгерлерди материалдык жактан колдоо идеясын көтөрүп жатабыз. Себеби, коңшу Өзбекстанда дарыгерлердин айлыгын 500 доллардан 2600 долларга чейин көтөрүп жатат. Ал эми коронавирусту жугузуп алгандарга 10 миң долларга чейин кенемте берилип жатканы кабарланууда. Биз да ушундай өлчөмдөгү акчалай төлөмдөр менен алдын албасак, дарыгерлер ишин таштап басып кетиши мүмкүн. Маселен, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө медиктер жумушуна, айлыгына нааразы болсо басып кетип жатпайбы».
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева дарыгерлердин кысымга учурап жатканын, өзүн коргоочу каражаттар жетишсиз болуп, ооруга учурагандары куугунтукталып, жаманатты болгонун сындап, 15-апрелде боло турган парламенттин жыйынында бул маселе сөзсүз көтөрүлөрүн билдирди:
«Дарыгерлердин кийимдери, аларга жасалган басым - баарын Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгабыз. Кошумча кенемте төлөө маселесин да карайбыз. Бул боюнча балким атайын парламенттик комиссия да түзөбүзбү, айтор баары каралат».
Өлкөдө коронавирус оорусу башталгандан бери бир нече дарыгер жеке коргоочу каражаттардын жоктугу тууралуу онлайн билдирүү жасап чыккан. Айрымдары кысымга алынгандан кийин кайра кечирим сураган видеолорду таркатып, кээ бири жумуштан алынган.
Чет өлкөдө дарыгерге колдоо күчтүү
Италияда жашаган мекендешибиз Миргүл Өмүралиева бул өлкөдө дарыгерлердин айлыгы, өзүн коргоочу каражаттары жетиштүү болсо да, жергиликтүү эл аларга күчтүү моралдык мотивация берип жатканын айтып берди:
«Күн сайын флешмобдор өтүп жатат, телеканалдар, социалдык медиа аркылуу музыканттар өз үйүндө отуруп алып эле, башкалар менен макулдашып, ар кимиси өз аспабында ойноп, дарыгерлер үчүн сонун концерттерди уюштурушууда. Италиянын миңдеген тургундары кечкисин балконго чыгып, дарыгерлердин урматына кол чабышууда. Анан COVID-19 илдетин жугузуп каза тапкан медиктердин урматына да аларды эскерүү, арноо концерттерин ар кимиси өз үйүнөн эле уюштуруп, онлайн, жандуу эфир кылып жатышат. Эл балкондорго чыгып, шам жагып, каза тапкан дарыгерлерди тынбай эскерүүдө».
Кыргызстандагы «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду да дарыгерлердин укугун мындан ары мониторингге алып, коргой турганын маалымдады. Ал эми Бектур Апышевдин окуясына карата Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү «эч кандай кысым жасалбашы керек» деп комментарий берди. Кыргызстанда азыр 13 200дөн ашуун дарыгер, 34 миңге чукул медайым, санитардык кызматкер иштейт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.