Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Коронавируска каршы штабдын өкүлү бул илдетке чалдыкканы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Коронавируска каршы республикалык штабда иштеген бир кызматкер бул илдетке кандай шартта чалдыкканы териштирилип жатат. Бул тууралуу 13-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, вирус табылган кызматкер менен контактта болгондордун баары текшерилди, алардын анализи таза чыкты.

«Республикалык масштабдагы саламаттык сактоо мекемесинин бир кызматкери ыкчам штабда иштөөгө тартылган. Ал коронавирус жугузуп алган экен, дарыланып жатат. Кандай шартта, кайсы жерде жукканы азыр териштирилип жатат. Аны менен контакт болгондордун баарын текшердик, бүгүнкү күндө анализдери таза», - деди ал.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты.

419 адамдын 79у медицина кызматкери. Арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG