Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

«Медиа топтоо-2020» форуму быйыл онлайн режимде өтөт


«Медиа топтоо-2020» форумунда. Апрель, 2019-жыл.
«Медиа топтоо-2020» форумунда. Апрель, 2019-жыл.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 25-29-апрелге белгиленген форум «Zoom» аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул пандемиялык кырдаалдан улам жасалып жаткан аргасыздык экени кабарланды.

«Коронавирус пандемиясы жалпы адамзатка чакырык таштады. Кыргызстан сыяктуу эле көптөгөн өлкөлөрдө жарнама рыногу жабыркоодо, айрым редакциялар ишин токтотууга аргасыз болушту же кыскарышты. Ошол эле учурда биз медиа аудиториясы көбөйүп жатканын, сапаттуу жаңылыктарга жана агартуучу контентке муктаждык көбөйгөнүн көрүп турабыз», деп айтылат «Internews» уюму тараткан билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өтүүчү үчүнчү «Медиа топтоо» форумунда маалымат каражаттарынын пандемия учурундагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланмакчы.

Форумга онлайн-каттоо 20-апрелден тартып жүргүзүлөт. Иш-чарага Кыргызстандагы медиа коомчулук өкүлдөрү катыша алышат. Каттоого алынгандарга атайын код байланган шилтеме жиберилет.

Форум 25-апрелден 29-апрелге чейин саат 15:00-18:00 аралыгында өтөт, сессиялардын жадыбалы жана программалар тууралуу маалымат www.internews.kg сайтына жарыяланат.

«Медиа топтоо» форуму Бишкекте алгачкы жолу 2018-жылы өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG