Саламаттык сактоо министрлиги Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын медицина кызматкерлеринин кайрылуусун иликтей баштаганын кабарлады. Бул тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:
«Оштогу инфекциялык ооруканада дарыгерлер илдетке чалдыкканы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түздү. Иликтөө жүрүп жатат. Бүткөндө кошумча маалымдайбыз».
Бир күн мурда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлери өкмөткө кайрылышкан. Кайрылууда кызматкерлер өздөрүнүн жетекчилиги, Ош шаардык эпидемиологиялык кызматы маалыматты штабга бурмалап жеткирип жатышат деп, ал үчүн оорукананын башчысы Кайрат Абжаловду күнөөлөшкөн.
Кайрылууда «биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес... Умрадан келген жарандар менен кошо жүрүп, ишин аткарган. Имаратта «кооптуу зона» бөлүнбөгөнүн башкы дарыгерге маалымдаганбыз» деп жазылган. Кайрылууда Кайрат Абжаловдун Аматова аттуу дарыгерге жалаа жаап жатканына мисалдар келтирилген.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелдеги онлайн брифингде:
«Айрым медициналык кызматкерлер ооруну иш үстүндө эмес, сырттан жугузгандары да аныкталып жатат. Оштогу инфекциялык ооруканада иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганы такталып жатат. Ал өзү билбей жүрө берип, кесиптештерине да жугузганы боюнча министрлик маалымат берди», - деп билдирген.
Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын 20 дарыгери кол койгон кайрылуу 8-апрелде социалдык тармактар аркылуу таратылып, кызуу талкууланып жатат.
9-апрелде Ош облусундагы медкызматкерлердин ооруну топ-тобу менен жугузуп алуу учурларын иликтеш үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда ооруканадагы коронавирус жугузган ар бир медицина кызматкеринин жагдайы өз-өзүнчө терең иликтенип, тиешелүү баа берилет.
9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагынын 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар. (ZKo)