Кытай мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргыз өкмөтүнө кезектеги гуманитардык жардамды тапшырып жатып, «бул кыргыз-кытай стратегиялык мамилесинин жогорку деңгээлге чыгышы» деп мүнөздөдү.
«Коронавирус инфекциясына каршы күрөштө эки бир тууган эл бири-бирине көмөктөшүүгө кол сунууда. Бул ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү», - деди Кытай элчиси.
8-апрелде Кытай Кыргызстанга 7 млн. 690 миң сомдук гуманитардык жардам тапшырды. Анын ичинде реагенттер, жеке коргонуу каражаттары бар. Кыргыз тараптан вице-премьер министр Аида Исмаилова Кытай өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин Кытай мамлекети Кыргызстанга COVID-19 илдетин аныктоочу 21 миң экспресс-тест берген. (TSh)