Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

АКШ: Орусия менен Катар футбол чемпионаты үчүн пара беришкен


Катардын Эмири Хамад бен Халиф ал-Тани, Йозеф Блаттер жана Орусиянын ошондогу вице-премьер-министри Игорь Шувалов. Орусия менен Катар чемпионаттарды өткөрүү укугун алган учур, 2-декабрь, 2010-жыл.
Катардын Эмири Хамад бен Халиф ал-Тани, Йозеф Блаттер жана Орусиянын ошондогу вице-премьер-министри Игорь Шувалов. Орусия менен Катар чемпионаттарды өткөрүү укугун алган учур, 2-декабрь, 2010-жыл.

АКШнын Федералдык прокуратурасы алгач ирет футбол тармагына жооп берген мурдагы жетекчилерди Орусия менен Катардан пара алган деп айыптады.

Айыптоо корутундусунда Тринидад менен Тобагонун жараны, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) мурдагы вице-президенти Жек Уорнер бир нече компаниялар аркылуу Орусиядан 5 миллион доллар алганы белгиленет. Акчанын бир бөлүгүн чемпионатка даярдануу учурунда Орусиянын кызыкчылыгын коргогон америкалык фирмалар төлөп беришкен.

Ал эми ФИФАнын аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү, гватемалалык Рафаэл Сальгеро Орусиянын пайдасына берген добушу үчүн миллион доллар алганы айтылат.

Андан тышкары башка да ошондогу футбол аткаминерлери, аргентиналык Хулио Грондоне, парагвайлык Николас Леос жана бразилиялык Рикардо Тейшейра Катардан пара алган деп айыпталган.

Добуш берүү 2010-жылы уюштурулган. Анда Орусия Англия, Нидерланды-Белгия жана Испания-Португалияны утуп, 2018-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө укук алган. 2022-жылкы эстафетаны уткан Катарга АКШ атаандаш болгон.

Жыйынтык дароо эле шек саноо жараткан. ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер баштаган добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбүнө түрдүү дооматтар айтылган. ФИФАнын иликтөөсүнөн кийин Блаттер кызматынан алынган.

XS
SM
MD
LG