Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

Дүйнөдө мунай дагы арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү күнү дүйнөдө мунай дагы арзандады. Буга Сауд Арабиясы баштаган мунай экспортоочу мамлекеттердин Орусия менен сүйлөшүүлөрү кийинкиге жылдырылганы себеп болду.

«Financial Times» гезити жазгандай, 6-апрелде «Brent» үлгүсүндөгү мунай дээрлик бир пайыздай нарксызданып, бир баррели 33,9 долларды түздү. Ал эми АКШнын Техас штатында өндүрүлгөн WTI үлгүсүндөгү мунай 3,6 пайызга арзандап, бир баррели 27,33 долларга барабар болду.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдө мунайга болгон суроо-талап кеминде 20% азайды. Ушундан улам март айында ОПЕКтин же Мунай экспорттоочу мамлекеттер биримдигинин башында турган Сауд Арабиясы өндүрүштү азайтууну сунуш кылган. Бирок уюмга кирбеген Орусия мындай демилгени колдобой койгондуктан өткөн айда мунай кескин арзандап кеткен. Мындай жагдай орус рубли менен кошо кыргыз сомунун нарксызданышына себеп болгон.

Эр-Рияд менен Москванын пикир келишпестигинен улам дүйшөмбүгө белгиленген кезектеги сүйлөшүү бейшембиге жылдырылды. Бир күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп эгер эки тарап мунай өндүрүшүн азайтуу боюнча мунаса таппаса, Вашингтон мунай импортуна кошумча салык киргизерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG