Социалдык фонддун маалыматында Кыргызстанда жалпы пенсия алгандардын саны 670 миңден ашык. Социалдык фонд ай сайын пенсияларды төлөөгө дээрлик 4 млрд. сом коротот. Пенсия алгандардын 55% банктардан, 45% почта бөлүмдөрүнөн алат. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсиялар өз убагында төлөнөрүн билдирди.
“Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт”.
«Кыргыз почтасы» улгайгандарды үйдөн чыкпоого чакырып, бул жолу пенсия ар биринин үйүнө жеткирилип бериле турганын билдирген. 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, көп мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Адамдарга себепсиз көчөгө чыгууга, топтолууга тыюу салынган. (TSh)