Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Өкмөт башчы ар бир муктаж үй-бүлөгө жакшылап кам көрүүгө чакырды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз өкмөтү коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда колу жука үй-бүлөлөр кароосуз калбайт деп убада берүүдө. 2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынын өткөрүп, «бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз» деп айтты.

Өкмөт башчы коменданттык саат киргенине бир жума болгонун, көпчүлүк адамдарда тамак-аштын запасы бар экенин, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканын белгиледи.

Абылгазиев: «Биз мындай көйгөйгө кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге тез арада бардык тизмени кайра карап чыгып, кылдат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш», - деди.

18-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 116 адамга жукту. Алардын үчөө айыгып чыкты.

15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, ишкана-мекемелердин көбү токтоду.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 миллион доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG