Кыргызстандын билим берүү жана илим министри коронавируска байланыштуу үйдө отуруп калган ата-энелерге кайрылып, бул күндөрдү балага таалим-тарбия берүүгө, кеп-кеңеш айтууга, руханий жактан дем-күч, ишеним берүүгө чоң мүмкүнчүлүк катары колдонууга чакырды.
Министр Каныбек Исаков «ушул күндөрү балдар-кыздарыңар менен чын дилден сырдашып, алардын ой-тилектери, классташтары, курбу-курдаштары, мугалимдери, келечек максаттары жөнүндө пикир алышып, өзүңүздүн турмуштук тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, жол көрсөтө турган шарт болуп жатат» деп белгиледи.
Өз кайрылуусунда ал балдар менен кошо китеп окуп, алардын жан дүйнөсүн байытып, акыл-эсти өнүктүрүүчү интеллектуалдык жана улуттук оюндарды бирге ойноп, ата-энелик жылуулук, мээрим, сүйүүн тартуулап, ар тараптуу камкордукка алууга чакырды.
18-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 116 киши катталды. 15-апрелге чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, мектеп, бала бакча жана жогорку окуу жайлары убактылуу жабылды. Азыркы кезде сабактар Интернет аркылуу уюштурулууда. (RK)