Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Депутат Нурбаев: Референдум президенттин убадасына каршы келет


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, башкаруу формасын аныктоо жөнүндө референдум өткөрүү боюнча демилге парламентаризмди колдой турганын айткан президент Сооронбай Жээнбековдун убадасына каршы келет.

«Биз тандаган парламентаризм жолунан тайбашыбыз керек. Ал эми референдумду өткөрүү боюнча демилгелерге мыйзам чегинде каршы экенибизди көрсөтүшүбүз керек», - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Бул демилге коронавируска байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген учурга туш келгендиктен социалдык тармактарда сын-пикирлерди жараткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG