Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Бишкекте милиция кызматкери түнүндө өзүнүн жеке машинеси менен сойкуларды ташып жүргөн» деген маалыматты четке какты.
Мекеменин басма сөз кызматы 2-апрелде билдиргенине караганда, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинеси менен шаар ичинде кетип баратканда кайгуул кызматы токтоткон. Учурда ал коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
ИИМ «айрым бир сайттарда жарыяланган «милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн» деген маалымат жалган» деп билдирди.
Ошону менен катар министрлик элди жалган маалымат таратпоого чакырып, «чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын» эскертти.
25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. (RK)