Өкмөт калкты социалдык жактан колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча планга ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба өндүрүмүн жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылууну сунуш кылуу;
- мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун жыйноо;
- социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;
- азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.
18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.
25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)