Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

ЖК: милицияга кол көтөрдү деген кызматкер 24-мартта жумуштан бошотулган


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Милицияга кол көтөрдү деген Эрнест Молдошев 24-мартта жумуштан бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Анын айтымында, Эрнест Молдошев 24-март күнү өз арызынын негизинде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчылыгынан бошотулган.

«Ал эми окуя 25-мартка караган түнү болду деп уктук. Ал ага чейин эле жумуштан бошогон», - деди Нуракун уулу.

Буга чейин Эрнест Молдошев аттуу жарандын 25-мартка караган түнү Бишкекте Кайгуул милициясынын кызматкерлерине мас абалында кол көтөргөнү кабарланган. Маалыматка ылайык, аталган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон

Милициядан алынган бул маалыматка кармалган айдоочу комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG