Бишкекте коменданттык сааттын талаптарына баш ийбеген эки адамды токтотуш үчүн милиция асманга ок атууга мажбур болду. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев 27-мартта билдирди.
Анын айтымында, 26-мартта саат 20:30да Толстой жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги блокпостто «Тойота-Виндом» үлгүсүндөгү машине токтотулган. Айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып айдап кетип, Сяопин-Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулган.
«25-30 жаштагы эки эркек мас абалында милицияга каршылык көрсөттү. Буга байланыштуу табелдик курал колдонулуп, абага бир нече жолу ок чыгарылды. Тартип бузуучулар кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди», - деди Орозалиев.
27-мартка караган түнү Кыргызстандын коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган аймактарында коменданттык саат эрежелерин бузган 241 адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, 12 автоунаа токтотулду.
Бишкекте 146, Ошто 22, Жалал-Абадда 24, Сузакта 29, Кара-Сууда 20 адам кармалды. Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.
Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (RK)