Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда 25-мартта автобус жана троллейбус каттамдары убактылуу толук токтоду. Жүргүнчүлөрдү такси гана тейлеп жатат, аларга тыюу салынган жок.
22-марттан бери кичи автобустар токтоп, муниципалдык автотранспорт гана жүргүнчүлөрдү ташып жаткан.
25-мартта «Азаттык» Бишкектин мэриясы менен байланышканда троллейбус жана автобустар күндүз да жүрбөй турганы белгилүү болду.
Айрым социалдык түйүндөрдө «саат 11ден баштап Бишкекте муниципалдык транспорт каттай баштайт» деген маалымат тараган. Мэрия андай буйрук жок экенин кабарлады.
18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жугуп, ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду. 25-марттын саат 9:00уна карата жаңы учурлар катталган жок.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)