Дүйшөмбүгө карай АКШ COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү орунга көтөрүлдү. Ал жакта жалпысынан 33 миңден ашуун адамдын анализдери аларга вирус жукканын көргөздү.
22-мартта Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио коронавирус ушундай ыргак менен жайыла берсе беткап, өпкө вентиляторлору өңдүү медициналык каражаттар, жабдуулар он күнгө гана жетерин эскертти. Кошмо Штаттардын эң чоң калаасы 10 миңден көп инфекцияланган бейтап менен өлкө алкагында вирустун очогуна айланды. Билл де Блазио апрель айындагы кырдаал марттагыдан да начар болорун белгилеп, Трамп администрациясын ашыкча күч келип жаткан саламаттык сактоо системасына жардамга аскерлерди тартууга чакырды.
Нью-Йорк штаты боюнча бир суткада вируска чалдыккандардын саны дээрлик үч эсе көбөйүп, 15 миң кишиге жетти. Муну кайсы бир деңгээлде анализдери текшерилген адамардын көбөйгөнү менен түшүндүрүшүүдө.
Бийлик жарандардын сыртка чыгышын чектеген, вирустун тарашынын алдын алыш үчүн улам бир чара көрүп келатат.
Ал арада дүйшөмбүдө Токионун губернатору Юрико Коике премьер-министр Синзо Абэнин жайкы Олимпиада кийинкиге жылдырылышы ыктымал деген оюна кошуларын айтты:
«Олимпиаданы кабыл алчу шаардын башчысы катары «оюндарды таптакыр өткөрбөй коюуга болбойт» деп белгилеп келатам. Азыркы убакта эң башкысы - шаар тургундарын коронавирус эпидемиясынан коргоону камсыз кылыш керек».
Ошол эле күнү премьер Абэ парламентте сүйлөгөн сөзүндө Олимпиаданы өткөргүсү келип жатканын айтты, бирок «биринчи кезекте атлеттердин саламаттыгын ойлогондо мелдешти жылдыруудан башка арга калган жок окшойт» деди.
Жекшембиде Эл аралык Олимпиада комитети чукул жыйындан кийин мелдешти кийнкиге жылдыруу сценарийин карап жатканын билдирген. Оюндар ушул 24-июлда башталып, 9-августта аяктамак. Бирок COVID-19 жайылган сайын улам бир спорттук эл аралык мелдештерди башка мөөнөткө которуу же таптакыр өткөрбөө боюнча чечимдер кабыл алынып келатат. Токио Олимпиадасын ушундай шартта уюштуруу канчалык туура деген маселе көптөн бери коюлуп, төрт жылда бир өтчү жарыштарды которуу тууралуу чакырыктар туш-туштан айтылып келатат. Жекшембиде Канаданын Олимпиада жана Паралимпиада комитети өз спортчуларын Токиого жөнөтпөй турганын билдирди. Австралия өз атлеттерине оюндар 2021-жылы өтөт деген планга жараша даярданууга көрсөтмө берди.
Эл аралык комитеттин төрагасы Томас Бах акыркы чечим төрт жуманын ичинде кабыл алынарын айтты.
Мэриленддеги Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Жапонияда 23-мартка карай бир миңден көп киши коронавируска чалдыкканы, 40 киши өлгөнү катталды. Ал эми дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун 340 миңден көп киши жугузуп алды. Илдеттен көз жумгандардын саны 15 миң адамдан ашты.
Эң көп өлүм Италияда катталууда. Жекшемби күнкү статистикага ылайык, бардыгы болуп өлкөдө 5 476 бейтап вирус козгогон оорудан дүйнө менен кош айтышты. Коронавирус жуккандардын саны 60 миң кишиге жакындады. Илдетти ооздуктоо аракетинде ишембинин кечинде премьер-министр Жузеппе Конте дагы бир чукул чечим тууралуу жарыялаган. «Өкмөт учурда жашоо үчүн эң зарыл деп эсептелген, стратегиялык тармактардан башка бардык өндүрүштү өлкө аймагы боюнча жабууну чечти», - деди ал.
Ал ортодо Куба Италияга жардамга 36 дарыгерди жана 15 медайымды, логистикалык эксперттерди жиберди. Дүйнөлүк банктын эсебинде, Кубада бир миң кишиге 8,2 дарыгер туура келет. Бул - дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
23-мартка караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен жөнөтүлгөн жардам Италияга жетти. Аскердик Ил-76 учактары машинелерди, чоң имараттарды жана коомдук жайларды дезинфекциялаган бөлүктөрдү, эпидемиологдор менен вирусолог адистерден турган топту жеткирип барды.
Ал эми Орусиянын өзүндө 23-мартта дагы 71 кишинин тесттеринен коронавирус аныкталды. Эми бул өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 438 киши болду.
Премьер-министр Михаил Мишустин өкмөт жер-жерлерден, министрликтер менен мекемелерден түшкөн маалыматтарды талдап, вирустун жайылышынын алдын алуу, ооруканаларды даярдыкка келтирүү максатында тиешелүү чара көрүлүп жатканын билдирди.
Ушул дүйшөмбүдөн тартып Орусиянын аба компаниялары борбор шаарларга же Нью-Йорк өңдүү ири калааларга гана каттайт. Бардык каттамдар Москвадан жүргүзүлмөкчү.
Чет өлкөлөрдөн чыга албай калган орусиялык жарандар үчүн каралган чартерлер да улана берет.
Ошол эле учурда Европанын эң чоң калаасы, 12 миллион калкы бар Москванын мэри Сергей Собянин метро кадимкидей иштей берерин кайталап келатат.
Орус баш калаасынан айырмаланып, Украинада Киевде жана дагы эки шаарда метрону жаба туруу боюнча чечим чыккан.
Индиянын бийлиги коронавирус учурлары катталган 80ден ашуун шаар-чөлкөмдү карантинге алды. Чектөөлөр киргизилип жаткан жерде 100 миллиондой киши жашайт. Калкы бир миллиард 300 миллиондон ашкан Индияда коронавирусту жугузуп алган 417 киши катталган. Бирок адистер илдетти аныктоочу тесттердин тартыштыгынан улам чыныгы статистиканы билүү кыйын деп эсептешет.
Грекияда дүйшөмбүдөн тартып көчөгө чыгууга тыюу салган тартип күчүнө кирди. Испания кеминде бир ай бою чет өлкөлүк жарандардын киришин чектеди. Германияда коомдук жерлерде экиден көп киши чогулбашы керек деген көрсөтмө берилди, бир нече аймак карантинге жабылды.
Ал эми вирус биринчи болуп катталган Кытайда инфекциялангандардын саны күндөн күнгө азайып баратат. Эми жаңы катталгандар ооруну чет жактардан жугузуп алгандар болууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.