"Eurasinet" басылмасы дүйнө коронавирус менен күрөштүн ыгын таба албай кыйналып жатканда Грузия бул багытта өзгөчө ийгилик жаратканын жазды.
Вируска каршы турууда элдин бийликке болгон ишеними артты. COVID-19 Грузияда аныкталганына бир ай болду. Андан бери вирус 44 адамга жукту.
Талдоочулар бийлик дарыгерлерди өз эркине коюп, ишине кийлигишпегендиктен дүйнөнүн үшүн алган вирусту грузин дарыгерлери оңой жеңип жатканын айтышууда.
Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт, учурда Прагада жашаган Нино Гигуашвили: "Коронавирус менен күрөштө грузин бийлигинин иш-аракетин Европадагы эң ыкчам жана таасирдүү деп бааласа болот", - деген ойдо.
Вирус башталары менен ал жайылган аймактардан келген бардык учактардын жүргүнчүлөрү көзөмөлгө алынды, чет жактан келген саякатчылар карантинге жатты. Европада эл арасында түшүндүрүү иштери баштала электе Грузия оорунун алдын алуунун жолдорун байма-бай айтып турду. Иранда февралдын ортосунда күчөгөн эпидемиядан улам Грузия менен чек арасы катаал тартипке өтүп, Азербайжан менен да байланыш токтоду. Ирандан кайткан бардык грузиялыктар карантинге жатты. Италиядан келген айрым грузиндер чек арадан билинбей өтүп кетсе да аты-жөнү такталары менен бийлик аларды тез эле таап, элден бөлүп көзөмөлдөөдө.
Марина Эзугбая аттуу дарыгер жергиликтүү медианын жылдызына айланды. Ал коронавирус жуктурган адамдардын абалын күнү-түнү түз эфирден көрсөтүп жатат. Ооруларды көзөмөлдөө боюнча улуттук борбордун жетекчиси Амиран Гамкрелидзе, анын орун басары Паата Имнадзе, Жугуштуу оорулар, СПИД жана иммунология борборунун жетекчиси Тенгиз Церцвазде элге маалыматты тынымсыз берүүдө. Бийлик кесипкөй адамдарга тоскоол болбой, чылбырды алардын колуна карматуу менен, өлкөнүн медицинасы мыкты деңгээлде экенин көрсөттү.
Басылма "шайлоо боло турган жылы мындай чоң сыноого кабылган грузин бийлиги андан татыктуу чыкканы калды" деп жазды.
Борбор Азия ооруну жашыра албай калды
"Foreign Policy" журналы Борбор Азия мамлекеттериндеги COVID-19 вирусуна карата реакцияны талдаган.
"Аймакка сыртынан байкоо салган айрым эксперттер “Кантип эле бул чөлкөмдө коронавирус болбосун?” деп көпкө таң калышкан.
Глазгоу университетиндеги Борбор Азия факультетинин окутуучусу Люса Ансеши “оору тууралуу маалыматтар айтылбай жатат” деп божомолдогон. Алгач Казакстанда, анан Өзбекстан, кийин Кыргызстанда ооруну жуктургандар биринин артынан бири чыга баштады.
Лондондогу Чатем Хаус аналитикалык борборунун өкүлү Кейт Мэллинсон: "Борбор Азиянын советтик доордон калган бийлиги маалыматты ачык айткандын ордуна жашырганга көбүрөк ыктайт. Буга кошумча бул өлкөлөрдө дартты аныктоочу жабдуулар жетишсиз. Аймактын саламаттык сактоо секторунда коррупция эндемикалык көрүнүш. Ага бөлүнгөн бюджеттик каражаттын көбүн аткаминерлер уурдап алышат", - деген оюн билдирди.
Оору чыккандан бери жөнөкөй атуулдардын бийликке болгон ишеними аз экени билинди. Бийлик азык-түлүк запасы кенен дегенине карабай Алматынын ири маркеттери талоонго учурап, беткаптын баасы кымбаттады.
Тажикстанда президент Эмомали Рахмон өзү элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырганы менен дүкөндүн текчелери бош калды. Анткен менен Евразия боюнча эксперт Филиппо Коста Буранелли оору тооруган мындай учурда Борбор Азия гана эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү алапайын таппай калганын белгилейт.
Дүйнө Ухандан кийин COVID-19 вирусуна байланыштуу маалыматты жашыруу канчалык опурталдуу экенин билип калды. Себеби Кытайда вирус жаңы башталганда бийлик дарыгерлердин оозун жаап, эл көп катышкан чогулуштарды, той-топурларды уланта беришкен. Ал тургай Коммунисттик партиянын жыйыны өтүп, оорунун жайылуусуна жагымдуу шарт түзүлгөн.
Февралдагы эпидемия Кытай бийлигине маалыматты жашыруунун баасы кымбат болорун көрсөттү. Азыр Борбор Азияда коронавирус башталды, аны менен күрөшүүдө аймактын ал-күчү чектелүү экенин лидерлери толук аңдашы керек", - деген пикирде Линдси Кеннеди жана Натан Пол Соузерн.
Парламенттеги олуттуу акция шакабага айланды
Кыргызстанда медиа мейкиндикти COVID-19 тууралуу кабарлар ээлеп алган чакта социалдык медиада шакабачылардын да күнү тууду. Алар Жогорку Кеңеште өткөн коронавирус менен күрөшүү акциясын тамашага айлантышканын "The Diplomat" журналы жазды.
Автор Коллин Вуд: "19-мартта кыргыз парламенти коронавируска каршы ынтымакта күрөшүүгө чакырган флеш-моб баштаган. Депутаттар колдоруна элди биримдикке чакырган жазуусу бар кагаздарды кармап отурушкан. Бирок кыргыз парламентинин бул олуттуу кадамын шакабачылар бир сааттын ичинде фотошоптун жардамы менен тамашага айлантышты. Мисалы, төрага Дастан Жумабековдун колундагы кагазга "Бишкектен Маянеге чейинки таксиге" байланыштуу азил жазышса, айрым депутаттардын колуна: "Биз силер үчүн иштей албадык, эми силер бизди шайлабагыла", - деп жазып коюшкан.
"Коронавирус эми Борбор Азияны каптап, ансыз да алсыраган экономикасын кыйратабы?" деген суроо баарын чочулатууда. Басылма "бул флешмобду шакаба чегүү менен кыргыз шайлоочулары депутаттардан жоопкерчиликти санариптик жол менен болсо да сурай алышарын көрсөткөнүн билдирет", - деп жазды.
Лондондо селсаяктарды мейманканага жаткырышты
Коронавирустун айынан дүрбөлөңгө түшүп, ашыкча азык-түлүк сатып алгандыктан, Британияда бир миллиард доллардык азык-түлүк желбей калды. Бул тууралуу "Financial Times" гезити кабарлады.
Британиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Жорж Юстис сыртта тамак жеген элдин баары дүкөндөн азык-түлүк алууга өткөнү менен анын көбү желбей калып жатканын айтып чыкты.
Ал арада Лондондо оорунун жайылуусун токтотуу үчүн селсаяктар мейманканаларга жайгаштырыла баштады. 300дөн ашуун селсаякка мэрия убактылуу баш калкалап, сыртка чыкпаш үчүн мейманканадан бөлмөлөрдүн акысын төлөп берүүдө.
Туруктуу жашаган жери жок адамдардын саламаттыгы да текшерилүүдө. Алардын көбү дем алуу органдарынын дартына чалдыккандыктан COVID-19 вирусун жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин белгилеген гезит.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.