Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Өкмөт кризиске каршы план иштеп чыгууда


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Кыргыз өкмөтү кризиске каршы экономикалык план иштеп чыгууда. Бул тууралуу 23-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, ишкерликке жана экономикага жардам берүү максатында кабыл алына турган бул атайын планды иштеп чыгууга көз каранды эмес эксперттер катышат, бизнес тармагынын сунуш-пикирлери эске алынат.

«Улуттук банк «насыя боюнча айыппул салынбасын» деген чечим чыгарды. Бардык коммерциялык банктарга насыя пайыздарынын мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу жөнүндө сунуш киргизилди. Салык декларациясын, отчётторун тапшыруу мөөнөтүн узартуу каралып жатат», - деди ал.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети Кыргызстанда да катталып, 23-мартка карата бул вирус жуккандардын саны 14 кишиге жетти, бир адам реанимацияда.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG